Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу айрым жетекчилерди куру пиардан алыс болууга

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айрым шаар, район жана облус башчыларын куру пиардан алыс болуп, өз милдетин аткарууга чакырды. Тагыраагы, Төрага акыркы учурларда жарашса да, жарашпаса да олтурган-турганын телефонго тарттырып, өзүн жарнамалаган жетекчилер көбөйгөнүн белгилеп: “Көрсөтүп жаткан жумуштары алардын милдети. Өздөрүнө жүктөлгөн ишти убагында, так жасашса жарнамасыз эле эл баалайт. Аны сөзсүз […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын өкүлү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын мамлекеттик секторго инвестициялоо жана долбоорлорду корпоративдик каржылоо боюнча директору Константин Лимитовдун жолугушуусу болду. МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты. Парадга ошондой эле чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты. Иш-чаранын алдында делегация башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү. […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкектин четиндеги эко-резорттун ээси мыйзамсыз курулуш боюнча кармалды

Бишкектин четиндеги “КБ” эко-резорт эс алуу жайынын ээси Э.Ш.Ж. айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча мыйзамсыз коммерциялык объекттерди куруу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан “ЭЭ” ЖЧКсынын директору, “КБ” Эко-резортунун ээси Э.Ш.Ж. Арашан айыл аймагында жалпы аянты 6,1 га болгон жайыт жерлерин өз билемдик менен ээлеп алгандыгы жана […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө картошканын орточо түшүмдүүлүгү 165,3 центнерди түзүүдө

Быйыл картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 165,3 центнерди түзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда картошканы казып алуу жана жыйноо жумуштары уланууда. Ыкчам маалыматтарга ылайык, картошканын эрте жана орто эрте бышкан сорттору 23,1 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 381,5 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына […]Читать далее

Билим

Жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү

Жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы тартипке ылайык, лицензия алууга арыздарды кароо мөөнөтү 30 күндүн ордуна 20 күнгө чейин кыскартылды. Лицензиялык кеңеш жоюлуп, лицензияга чейинки текшерүү алып салынды. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги корутундуларды берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча иш алып барса, Санариптик өнүктүрүү […]Читать далее

Укук тартиби

Ленин райондук салык кызматынын башчысы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Ленин району боюнча салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактылары аныкталган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен кылмыштуу келишимге кирип, мамлекеттик милдеттүү салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерин иштеп чыгышкан. “Опузалап пара […]Читать далее

Кырсык

Дордойдогу “Алкан” базарынын 120 чарчы метри өрттөндү

Дордойдун “Алкан” базарынын 120 чарчы метри өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Базардан чыккан өрт 3-сентябрга караган түнү саат 00:26да чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган. Бактыга жараша жаракат алгандар жок.Читать далее

Экономика

8 айда Салык кызматы 165,2 млрд сом салык чогулткан

2025-жылдын сегиз айында Мамлекеттик салык кызматы 165,2 млрд сом салык чогулткан. Бул тууралуу президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, натыйжада план 9,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. Ал салыктык түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,4 млрд сомго өскөндүгүн белгиледи. Адылбек Касымалиев […]Читать далее

Коом

Бишкек мэриясы түзүмдүк бөлүмдөрүнө 75 атайын техника жана кызматтык автоунаа

Бишкек мэриясы түзүмдүк бөлүмдөрүнө 75 атайын техника жана кызматтык автоунаа тапшырды. Муниципалитеттен билдиришкендей, унааларды тапшыруу аземи Т.Усубалиев атындагы аянтта өттү. Мэр Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүү, тейлөө кызматтарын жакшыртуу жана шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаңы атайын техникалар тапшырылып жатканын белгиледи. Белгиленгендей, техникалар шаардык бюджеттин жана ишканалардын өздүк каражатынын эсебинен алынган. Жалпы […]Читать далее