Коом

Агартуу министрлигинин кызматкерлерине планшеттер тапшырылды

Бүгүн Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине Samsung фирмасынын акыркы үлгүдөгү планшеттер берилди. Ведомстводон маалымдашкандай, планшеттерди министр Догдуркүл Кендирбаева тапшырды. Министрдин айтымында, бул кадам билим берүү системасын башкарууну санариптештирүү жана жетекчилердин ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында жасалды. “Биздин негизги максатыбыз – кайда болбосун министрликтин жетекчилеринин ишин ыңгайлуу жана майнаптуу жүргүзүүгө шарт түзүү. Биздин кызматкерлерибиз чоң […]Читать далее

Укук тартиби

Сокулукта 1 га жерди мыйзамсыз ээлеп алган УКТ мүчөлөрү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт койду. Тактап айтканда, Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата физикалык зомбулук көрсөтүү […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров КЭРге болгон иш сапарынын алкагында Пекин шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарына келди. Тяньцзинь шаарында Мамлекет башчысын расмий узатуу аземи болуп өттү, ага кытай тараптын өкүлдөрү катышты. Садыр Жапаров Кытайдын борборуна ылдам жүрүүчү поезд менен келди. Темир жол бекетинин аянтчасына килем төшөлүп, тосуп алуучулар жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын […]Читать далее

Министрлер кабинети

2026-жылы юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун өткөрүүгө даярдык иштери башталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн Ысык-Көл эл аралык форуму Кыргызстандын тарыхында маанилүү окуя болуп калганы жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилди

Министрлер кабинети Кыргызстанда жашыл экономиканы 2029-жылга чейин өнүктүрүү программасын бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ жашыл экономиканын принциптерин институционалдаштырууну күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү секторлору боюнча макро- жана микродеңгээлдерде жашыл интервенцияларды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Токтомго ылайык, Кыргызстанда жашыл экономиканы 2029-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар […]Читать далее

Экономика

Жалал-Абадда мыйзамсыз алкоголдук ичимдик өндүрүүгө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматкерлеринин Жалал-Абад шаарында жүргүзүлгөн рейддик көзөмөлдүн жүрүшүндө айына 1 тоннадан ашык көлөмдө  алкоголдук продукция (самогон) өндүргөн объект аныкталды. Ведомствонун маалыматына караганда, текшерүүнүн натыйжасында андан ары сатуу үчүн даярдалып жаткан 29 челек (5200 литрге жакын) алкоголдук продукция табылган. Жеринде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылып, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлдү. Объектке шаардык ички […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө чакан жана орто ишкерлерге 76,5 млн сом насыя берилди

Өлкөдө чакан жана орто ишкердик субъекттерине 76,57 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүүгө дем берүү, жакырчылыкты кыскартуу, региондорду, жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында министрлер […]Читать далее

Коом

Өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрү кызматтык унаалар менен камсыздалды

 Президент Садыр Жапаровдун чечими менен өлкөнүн бардык 232 айыл өкмөтү жаңы кызматтык унаалар менен толук камсыздалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Бул көрүнүш – мамлекетибиздин тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин аймактарга мындай деңгээлдеги колдоо көрсөтүлгөн […]Читать далее

Министрлер кабинети

Өлкөдө жеке ишкерлерди кайра каттоо процесси жөнөкөйлөштүрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аппараттык жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында кезектеги реформа башталганын жарыялады. Адылбек Касымалиев бул маселе өлкөдө жагымдуу бизнес климатын түзүү үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал белгилегендей, жеке ишкерлерди кайра каттоонун юридикалык дарегин, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Саламаттыкты сактоо тармагын реформалоонун кийинки этабы башталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аппараттык жыйынында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында жаңы реформа башталганын жарыялады. Бул реформа калк үчүн кепилденген медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кыргызстандын жарандарынын саламаттыгын жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн бул багыттын маанисин белгиледи. Ал белгилегендей, […]Читать далее