Экономика

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 3,16 млн сом насыя берилди

“Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3” долбоору боюнча 3,16 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыя 26 каржылоо субъектке берилди. Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААК катышкан, аларды кредиттөөнүн көлөмү 200 млн сомду түзөт.Читать далее

Аймак

Чүй облусунун аймагында жалпы 321 балык чарбасы бар

Чүй облусундагы балык чарбаларына ири инвентаризация жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Суу жана агрардык комплекстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитетинин карамагындагы Балык өнөр жай комплексинин департаментинин буйругунун негизинде Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн жана Чүй райондорунда жайгашкан балык чарбалары жана мыйзамсыз пайдаланылган суу сактагычтар боюнча инвентаризация жана мониторинг […]Читать далее

Экономика

Энергетика министрлиги: Бензин жана дизелдин кымбатташы дүйнөлүк базардагы кырдаалга байланыштуу

Кыргызстанга мунай продуктыларын жеткирүү штаттык режимде үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеткирүү Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 2016-жылдагы өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүдө. Индикативдик баланста каралган көлөмдөр жана ички резервдер өлкөнүн керектөөлөрүн камсыздоого жетиштүү. Белгиленгендей, Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Россиядан импорттолот. 2025-жылга […]Читать далее

Аймак

Ош шаарында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн Ош шаарындагы эт сатуучу жайларда эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мониторингдин жыйынтыгы менен мал эти Ош шаарында жайгашкан соода түйүндөрүндө, борбордук базарда  680 сомдон, кой эти 680 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторинг учурунда кызматкерлер тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана […]Читать далее

Коом

Социалдык контракт: Сегиз айда программага катышуу үчүн 8 899 арыз

2025-жылы жарандар “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн 8 899 арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, бул жылга 13 333 катышуучуга квота белгиленген. Арыздарды кароонун жыйынтыгында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен 8087 социалдык контракт түзүлдү. Аялдардын активдүү катышуусу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Алсак, катышуучулардын жалпы санынан […]Читать далее

Коом

Республикада 381,5 миң тонна картошка жыйналды

Республикада бүгүнкү күнгө карата 381,5 миң тонна картошка жыйналды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда өлкө боюнча картошканы казып алуу жана жыйноо жумуштары уланууда. Ыкчам маалыматтарга ылайык, картошканын эрте жана орто эрте бышкан сорттору 23,1 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 381,5 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 165,3 […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

ЖК Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына

Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-сентябрдагы жыйында Канат Сагынбаевди Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Канат Сагынбаевдин талапкерлигин жактырып, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад шаарынын аталышы өзгөрүшү мүмкүн

Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас шаары болуп өзгөрүшү мүмкүн. Мэриядан билдиришкендей, мындай сунушту бүгүн, 3-сентябрда мэр Эрнисбек Ормоков шаардык кеңештин кезексиз сессиясында сунуштап, депутаттар бир добуштан колдоп берди. Белгилей кетсек, шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште каралып, мыйзамга президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.Читать далее

Экономика

Кыргызстан Россиянын кийимдерин тиккен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан россиялык кийим бренддери тигүү буйрутмаларын берген алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Мындай маалыматты 2025-жылдын жазында PROfashion мода индустриясы тууралуу россиялык бизнес басылмасы жарыялагандыгын Deutsche Welle (DW) басылмасы жазды. Маалыматта айтылгандай, лидерлердин арасында – Кытай (33,5%), Россия (28,2%), Түркия (15,3%), Беларусь (12,8%), Кыргызстан жана Вьетнам – (5,1%) бар. “Эксперттер 2022-жылды Кыргызстандын тигүү тармагы үчүн жигердүү […]Читать далее

Аймак

Кара-Сууда 229 млн сомдук кыш заводу мамлекетке кайтарылды

Кара-Суу районундагы 229 млн сомдук кыш заводу жана 2,4 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Манас (мурдагы – Нариман) айыл өкмөтүндө жайгашкан 2,4 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан […]Читать далее