Спорт

«Мурас» футбол турнири аяктап, «Ден соолук» командасы жеңүүчү аталды

Бүгүн, 1-июнда Бишкекте «Мурас» футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Турнир президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 31-май жана 1-июнь күндөрү орун алды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө спорт ден соолуктун жана узак жашоонун булагы экенин баса белгиледи жана командаларга мындан аркы турнирлерде жеңиш каалады. Ал ошондой эле «Мурас» турниринин 3-ирет жеңүүчүсү болгон «Ден соолук» командасын куттуктады. Мелдештин жыйынтыгында «Ден соолук» […]Читать далее

Коом

Чет өлкөлүк жарандар 10-июнга чейин документтерин мыйзамдаштыруусу керек

Кыргызстанда ар кыл себептер менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандар 10-июнга чейин документтерин мыйзамдаштыруусу керек. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга окуу визасы же туристтик виза менен келип, бирок иштеп жүргөн жарандар дагы 10-июнга чейин аны иш визасы кылып өзгөртүп ала алат.  Ал үчүн эч кандай жаза же айып пул төлөбөйт. […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Төмөндө төраганын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу келечек ээлери! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден кутуктайм! Бүгүнкү майрам балдардын келечегине кам көрүп, өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө, ошондой эле алардын укуктарын жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бишкекте “Sky Park Baytik” заманбап оюн-зоок паркы ачылды

Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда жаңы заманбап “Sky Park Baytik” оюн-зоок паркынын ачылышы болду. Парктын ачылышы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, инвесторлор, жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев балдарды майрамы менен кызуу куттуктап, аларга […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу балдар жана ардактуу ата-энелер! Жай мезгилинин алгачкы күнү – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын! Бул күн балалыктын баёо, жыргал мезгилин өткөрүп жаткан балдарыбызды коргоо жаатындагы милдеттерибизди эске сала турган күн! […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (КР УКМК) борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты. Алгач мамлекет башчысы УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын инфраструктурасы менен таанышты. Ал кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн, административдик залдарды, жыйын-залдарды, техникалык жайларды, ошондой эле кызматкерлердин эс алуу жана тамактануу жайларын көрүп чыкты. Андан соң президент УКМКнын кызматкерлерине […]Читать далее

Аймак

Баткенде туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө

Баткен облусунда өтүп жаткан Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан элдеринин достугун даңазалаган “Ыр майрам” фестивалынын алкагында туристтик көргөзмө-жарманке уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жарманкеге Баткен облусунун аймагынан келген ишкерлер өндүргөн продукцияларын, кол өнөрчүлөр эмгектерин жайышты. Ошондой эле аймактын айымдары улуттук тамаш-аштарын, дыйкан-багбандары айыл чарба продукцияларын көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө атагы алыска кеткен Баткен күрүчүнөн тамак […]Читать далее

Спорт

“Мурас” турнири. Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча президенттин командасы 3 команданы

Бүгүн, 31-майда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен футбол боюнча «Мурас» салттуу достук турнири башталды. Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча «Президенттин командасы» «Ден соолук», «Элчилер» жана «Өнөр» командаларын утуп алды. Турнир эртең, 1-июнда, уланат. Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров Президенттин Администрациясынын кызматкерлери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилеринен турган команданын курамында ойнойт.Читать далее

Ден соолук

Таласта 12 адам шаурмадан ууланды

Талас облусунда массалык түрдө тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, окуя 2025-жылдын 30-майында болгон. Уулануунун натыйжасында 12 адам жабыркаган. Алардын бири ооруканага жаткырылды, калгандары амбулатордук дарыланууда. Ооруканага жаткырылган жабырлануучу бүгүн ооруканадан чыгарылды. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгында жабыркагандардын бардыгы күн мурун Талас шаарындагы “Казань Шаверма” […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: “Мурас” турниринин максаты – эл арасында сергек жашоо

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен 31-май жана 1-июнь күндөрү өтө турган “Мурас” футбол турнири башталды. Мамлекет башчы бардыгын салттуу футзал турниринин башталышы менен куттуктап, беттеш сегизинчи жолу өтүп жатканын эске салып, «Мурас» турниринин максаты – эл арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, спорт менен машыгууга, анын ичинде футболго кызыгуу жаратуу экенин белгиледи. Садыр Жапаров спорт […]Читать далее