Спорт

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук футбол турнири башталды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири башталды. Турнирдин ачылышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жарандарды спорт менен машыгууга үндөп, катышуучу командаларга ийгилик каалап өттү. Мелдеш 2 күнгө созулуп, ага 16 команда команда катышууда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалына катышты. Иш-чара ушул жылдын 27-майынан бери Бишкекте өтүп жатат. Фестивалдын катышуучуларына Т.Усубалиев атындагы аянтта театралдаштырылган гала-программа тартууланды. Минкаб төрагасы өз сөзүндө иш-чаранын уникалдуулугун белгилеп, фестиваль Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен өтүп жатканын кошумчалады. “Үч күндөн бери […]Читать далее

Спорт

Бишкекте президенттин катышуусунда футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтөт

31-майдан 1-июнга чейин президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Мелдешке 16 команда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Элчилер» катышат. Турнир борбор калаадагы «Газпром» […]Читать далее

Министрлер кабинети

“Ынтымак Ордодо” мамлекеттик түзүмдөрдөгү бюрократияны кыскартуу боюнча чаралардын үчүнчү этабы

Бүгүн, 30-майда “Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик түзүмдөрдөгү тоскоолдуктарды (бюрократия) кыскартууга арналган Ведомстволор аралык комиссиянын үчүнчү отуруму болуп өттү. Бул жыйында билим берүү, маданият, илим, санариптештирүү, статистика жана ишкердик сыяктуу көптөгөн тармактарды камтыган мамлекеттик башкаруу процесстерин оптималдаштырууга багытталган үчүнчү чаралар пакети сунушталды. Президенттин администрациясынын […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда Астанадагы “Борбор Азия – Италия” биринчи саммитинин алкагында Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, энергетика, транспорт, суу тармагындагы кызматташтык жана санариптик трансформация боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланды. Джорджа Мелони мамлекет башчысын тосуп алып, Садыр Жапаровго “Борбор Азия […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Астанада «Борбор Азия – Италия» Биринчи саммитинин жыйынында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда Астанадагы “Борбор Азия – Италия” Биринчи саммитинин жыйынында экология жана энергетика маселелерин көтөрдү. Саммиттин темасы «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталды. Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, ошондой эле Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында «Борбор Азия – Италия» саммитине

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, Казакстандын Астана шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында «Борбор Азия – Италия» биринчи саммитинин жыйынына катышып жатат. Иш-чаранын алдында мамлекет башчысын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Делегация башчылары саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Казакстан 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга

Астанадагы Эл аралык форумдун алкагында КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары – Улуттук экономика министри Серик Жумангариндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгын  мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди, инвестициялык долбоорлорду жана эки тараптуу иш-чараларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Данияр Амангелдиев стратегиялык […]Читать далее

Коом

Президенттин Иш башкармалыгы курган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн объекттер 100дөн

Президенттин Иш башкармалыгы курган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн объекттер 100дөн ашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы Каныбек Туманбаев президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалганга чейин бул мекеме тейлөөчү гана кызмат катары кабылданып келген. Бирок президент Садыр Жапаров ишеним артып, колдоо көрсөткөн соң аталган мекеме чыныгы мамлекеттик […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баа өзгөрдү

2025-жылдын 29-майына карата Кыргызстанда, ошондой эле Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу КР Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда сабиз 1,4 %, вермишель 0,4 %, кумшекер 0,4 %, пияз 0,3 %, күрүч 0,2 %, кой эти 0,1 %, буудай уну 0,1 % жогоруласа, картошка […]Читать далее