Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзүн-өзү таратуусу боюнча билдирүү жасады. Парламенттен билдиришкендей, төрага Жогорку Кеңештин жыйынында VII чакырылыштагы парламентти таратуу боюнча депутаттардан демилге келип түшкөнүн белгилеп, бирок аталган сунуш жалпы депутаттардын кароосу менен чечилерин билдирди. Тагыраагы, төрага аракеттеги парламентти таратууга сырткы күчтөрдүн, президенттин же аткаруу бийлигинин мыйзамдык укугу жок экенин айтып: “Парламент өзүн-өзү […]Читать далее
2025-жылдын 8 айына карата Баткен облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 366,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: теңдөөчү трансферт – 221,7 млн сом; айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7 млн сом; электр энергияга 50 пайыз компенсация – 54,4 млн сом; калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 39,9 млн […]Читать далее
11-сентябрга карата “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорунун алкагында республиканын 6 миң 418 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 млрд 30 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде: “мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 млрд 331,34 млн сом суммасында 5 миң 374 субъектти; “өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 441,02 млн сом суммасында 898 субъектти; “сууну үнөмдөөчү технологиялар” […]Читать далее
Кыргызстанда мектептер жаңы муундагы окуу китептери менен камсыз болууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 744 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттын эсебинен 1, 2, 5, 7-класстар үчүн “Математика” жана “Табият таануу. Мен жана дүйнө” предметтери боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер даярдалууда. Окуу-методикалык комплекс окуу китебинен, иш дептеринен жана мугалимдер үчүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичке катуу сөгүш берилди.Читать далее
Министрлер Кабинети мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн баалоо үчүн маалыматтык системаны киргизди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кеңейтилген аппараттык жыйынынын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик органдар менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгын камсыздоого багытталган “Пикирлер” аттуу маалыматтык системасы тартууланды. Система мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоого жана сунуштарды киргизүүгө, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүдөгү бузуулар же кыйынчылыктар жөнүндө өз убагында жарандар тарабынан маалымдоого, ал эми […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары качан өтөрү белгилүү болду. Уюштуруу комитетинен билдиришкендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтүп, салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарында, ал эми жабылуу аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө болот. Маалыматта белгиленгендей, оюндардын негизги программасы (ачылыш аземинен башкасы) кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, бул жер дүйнөнүн 89дан ашуун өлкөдөн келген катышуучулар менен коноктордун […]Читать далее
Кыргызстан 2025-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча тогуз негизги азык-түлүктүн алтоосу боюнча ички муктаждыктарды камсыз кылды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси Мээрим Есенкулова билдирди. Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин аныктоочу негизги азык-түлүктөрдүн тизмесине ун, дан, картошка, эт, сүт […]Читать далее
2025-жылы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат 49 млрд сомдон ашты. Бул туруалуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында саламаттык сактоо тармагына каралган бюджет дээрлик эки эсе көбөйгөн. Алсак: 2021-жылы – 21 млрд сом; 2022-жылы – 32,4 млрд сом; 2023-жылы – 38,8 млрд сом; 2024-жылы – 40,4 млрд сом; 2025-жылы – 49 млрд […]Читать далее
Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат 150 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү К.Б.А.ны кармады. Кармоо иштери ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү. Шектүү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап […]Читать далее