Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алуу жана чогултуу үчүн иштен алынды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу максатында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча бир катар мектеп жетекчилерине карата чара көрүлгөн. Төмөнкү мектептердин директорлору пара алуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактыларына байланыштуу кызматынан бошотулган: […]Читать далее
Россия Федерациясынын Тоолуу-Алтай шаарында “Алтай – түрк элдеринин байыркы мекени. Түрк цивилизациясынын башаты” II Эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун конференциянын катышуучуларына жана конокторуна жолдогон куттуктоо сөзүн окуп берди. “Алтай – бул жөн гана тоолордон, суулардан жана талаалардан турган географиялык аймак эмес. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин жеке жактарга же үчүнчү жактарга катталган электрондук капчыктарды, QR-төлөмдөрдү жана башка накталай эмес төлөм жолдорун колдонуусу мыйзам бузуу болуп саналаарын эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, бардык накталай эмес төлөм каражаттары сөзсүз түрдө алардын ишкердигинде колдонуп жаткан жеке ишкердин же юридикалык жактын атына катталышы керек. Жеке жактардын же башка адамдардын атына, анын ичинде жакын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий жумуш сапары менен келген Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз менен жолукту. МинКаб Төрагасы ардактуу мейманды жылуу тосуп алып, анын Кыргызстанга болгон расмий сапары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө түрткү берерине ишенимин билдирди. “Биздин […]Читать далее
Кыргыз эли жана улуттук искусствосу оор жоготууга учурады. 2025-жылдын 17-сентябрында 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын кавалери Матаев Жусуп Матаевич дүйнөдөн кайтты. Матаев Жусуп Матаевич 1956-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, ал эми 2004-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага катышты. Белгилей кетсек, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана бүткүл министрлер кабинетинин атынан профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди университеттин юбилейи менен куттуктады. Адылбек Касымалиев акыркы үч жылдан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 10-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет. Андыктан мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда расмий сапар менен өлкөгө келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмазды кабыл алды. Тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, өзгөчө көңүлдү саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга, банк секторун өнүктүрүүгө жана инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө бурушту. Мамлекет башчысы дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу шартында тараптар биргелешкен аракеттер менен өз ара товар жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына […]Читать далее
Кыргызстан боюнча 26,5 миң так илимдер жана англис тили мугалимдерине “Алтын казык” ноутбуктары таратылды, – деди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте кезектеги ноутбуктарды тапшыруу учурунда. Анын айтымында, президенттин демилгеси менен өлкөнүн билим берүү системасын санариптештирүү интенсивдүү жүрүп жатат. “Анын башкы максаты мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо маселеси болчу. Ал жөн гана бош ноутбук эмес, ичинде […]Читать далее