Министрлер кабинети

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун коштоосунда вице-президент Жевдет Йылмаз 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар, ошондой эле кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл койду.Читать далее

Билим

Бишкекте 502 мугалимге “Алтын казык” ноутбуктары тапшырылды

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча 502 орун басарына “Алтын казык” ноутбуктары тапшырылды. Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана 120 мамлекеттик мектептин директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары катышты. “Завучтар мектептердин ишмердүүлүгүндөгү кыймылдаткыч күч. Аларга бардык жоопкерчилик жүктөлгөн, мугалимдерди, окуучуларды […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө акыркы алты ай ичинде 68 жаңы айыл чарба кооперативи

2025-жылга карата республика боюнча 821 айыл чарба кооперативи өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жалпы 55 454 гектар айыл чарба жерин пайдаланууда. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аймактар боюнча бөлүштүрүү мындай: Чүй облусу — 118 кооператив (32 840 га); Ысык-Көл облусу — 71 кооператив (5 380 га); Ош облусу — 117 кооператив (4 331 га); Жалал-Абад облусу — 256 […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда акыркы 5 жылда алмурут менен алманын 30 жаңы сорту

Кыргызстанда акыркы 5 жылда алмурут менен алманын жаңы 30 сорту өстүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда быйыл алмуруттун түшүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы болуп, сатып алуучулардын саны өстү жана баалар жогорулады. Алмуруттар учурда Алматы шаарына экспорттолуп жатат. Сатуучулар алмуруттарды муздаткычтарда сактап, Жаңы жылга чейин сатууну пландашууда. Бүгүнкү күндөгү болжолдуу базар […]Читать далее

Министрлер кабинети

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келди. “Манас” эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды. Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү. Белгилей кетсек, сапардын алкагында Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаздын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрына пландаштырылган ТМУга мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жана Вице-президентинин жолугушуусун өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду. Кубанычбек Өмүралиев ошондой эле Кыргызстандын […]Читать далее

Экономика

Ысык-Көлдө алмуруттун түшүмү жакшы болуп, экспорт жогорулады

Быйыл Ысык-Көл облусунда алмуруттун түшүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы болду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада сатып алуучулардын саны көбөйүп, баалар жогорулады. Учурда алмурут Алматы шаарына экспорттолууда. Сатуучулар алмурутту муздаткычта сактап, жаңы жылга чейин сатууну пландашууда. Бүгүнкү күндөгү болжолдуу базар баасы: токой — 55–60 сом/кг; талгарка — 50 сом/кг; […]Читать далее

Ден соолук

Кыргызстанда дээрлик 6 млрд сомго 34 саламаттык сактоо объектиси курулду

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 34 саламаттык сактоо объектиси курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинен жалпы суммасы 5 млрд 973 млн 149,9 миң сом каралган. Облустар боюнча алганда: Жалал-Абад облусунда – 9; Ош облусунда – 8; Ысык-Көл облусунда – 4; Бишкек шаарында – 3; Чүй облусунда – […]Читать далее

Министрлер кабинети

Өз кесибинин мыктылары министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланды

Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондор кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланып, алкышка татыды. Салтанаттуу иш-чара “Ынтымак Ордодо” өттү. Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды. Ал өз сөзүндө бүгүнкү сыйлык ээлеринин арасында өз ишинде мыкты натыйжаларга жетишкен ар кыл тармактын ээлери […]Читать далее

Экономика

Дыйкандарга 8,7 миңден ашык айыл чарба техникасы лизингге берилди

2011‑жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында «Гослизинг-1–6» кредиттик линиялары жана ЕАБР (Евразия Өнүктүрүү Банкы) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор активдүү жүрүп жатат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорлордун аткаруучу операторлору «Айыл Банкы» ААК жана «Элдик Банкы» ААК болуп саналат. Маалыматта белгиленгендей, лизинг негизги фонддорду техникалык жактан жабдуу, өлкөнүн машина-трактор паркын кайра жабдуу жана модернизациялоо, […]Читать далее