Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады. “Мусулмандардын жашоосунда өзгөчө орунду ээлеген бул ыйык майрам руханий жана ырайымдуулук баалуулуктарынын айкын көрүнүшү катары бүткүл дүйнөгө жарык чачып, элдерибиздин биримдигин чыңдасын”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу ишинде албан ийгиликтерди жана бакубатчылыкты, […]Читать далее
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. «Бизди биримдикке үндөгөн ушул майрам жалпы адамзат үчүн тынчтыктын жана бейпил жашоонун булагы болсун», – деп айтылат куттуктоодо. Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалады.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган айт намазга катышты. Мамлекет башчы мечиттин жамааты менен бирге майрамдык намаз окуду.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Ардактуу момун мусулмандар! Ар кандай максаттар менен алыс-жакында жүргөн мекендештерибизди, ошондой эле мамлекетибизге чет өлкөлөрдөн келип окуп-иштеп жаткан бардык мусулмандарды бүгүнкү Курман Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Бул майрам – боорукердик, кайрымдуулук, жоомарттык баалуулуктарын камтыган өзгөчө улуу майрам. […]Читать далее
Ысык-Көлдөгү пансионаттар үчүн саркынды сууларды тазалоочу жай, насостук станциялар жана канализациялык коллекторлор курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында саркынды сууларды тазалоочу жайды жана насостук станцияларды, ошондой эле канализациялык коллекторлорду куруу боюнча подряддык компаниялар менен бүгүн келишимге кол […]Читать далее
Бүгүн саат 16:18де Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Атап айтканда, жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын май айында өлкө боюнча 56 159 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады. Алардын ичинен 31 731 абитуриент кыргыз тилинде, 24 428 абитуриент орус тилинде ЖРТ тапшырган. Май айында тест тапшырган абитуриенттердин ЖРТ сертификаттары мектептерге жана шаардык/райондук билим берүү бѳлүмдѳрүнѳ аттестаттар тапшырылганга чейин жѳнѳтүлѳт. Абитуриент сертификатты алуу үчүн тестке кирүү […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы Муратбеков Табылды Муратбековичке Жогорку Кеңештин мандатын тапшырды. БШКдан билдиришкендей, тиешелүү чечим 5-июндагы комиссиянын жыйынында кабыл алынып, депутатка белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүк жана төш белгиси тапшырылган. Табылды Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2020-2021-жылдары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, андан соң Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси болуп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов бүгүн, 5-июнда Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты. Садыр Жапаров менен Рустам Минниханов Кыргызстандын бай тарыхый-маданий мурасын чагылдырган маданий борбордун экспозициясы, ошондой эле комплекстин архитектуралык объектилери менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө ардактуу коноктор Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан кыргыздын элдик музыкалык аспабы – комуздун формасындагы уникалдуу пирсти […]Читать далее
Тажикстандын Душанбе шаарында өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Документтердин тизмеси: Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө; Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосунда оор машина куруу тармактарын өнүктүрүүдө кызматташуу тууралуу Макулдашуу жөнүндө; Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосунда […]Читать далее