Ош шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат 2023-жылдын 4-майында велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.Читать далее
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү (U-15) боюнча курама командасы Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында 6 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 2 коло) жеңди. 38 кг чейинки салмак категориясында катышкан Абдулазиз Муминов, 52 кг чейинки салмакта Эмир Эмилов алтын медалга ээ болушту. 41 кг чейинки салмакта Актан Эсентуров жана 68 кг чейинки салмак категориясында Асылбек […]Читать далее
2023-жылдын 11-июлунда Таиланддын борбору Бангкок шаарында 25-Азия атлетика конгресси болуп өттү. Бул тууралуу Бангкоктон Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациянын президенти Канат Аманкулов билдирди. “Chatrium Grand Hotel” мейманканасында Азия жеңил атлетика ассоциациясынын шайлоо жыйыны өтүп, Кыргызстандын атынан федерациянын президенти Канат Аманкулов жана башкы катчы Мелис Надыров катышты. Конгрессте Азия континентинде жеңил атлетиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкону […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодесине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (7 июля 2023 года № 133). Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 25-майында кабыл алынган. Мыйзам жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курулуш курууга жол бербөө […]Читать далее
Нарын шаарынын ички көчөлөрү ирээти менен оңдолуп, шаардын инфраструктурасы жакшырууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. КРдин Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери жүрүүдө. Учурда аны “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы жүргүзүүдө жана андагы 43 көчөнүн 18инде асфальт төшөө иштери аяктады. Ал эми калган 10 […]Читать далее
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат. Эскерте кетсек, Тез Жет авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.Читать далее
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Буга чейин ыкчам кызматкерлер Кыргыз Республикасына психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен. 2023-жылдын 17-майында ИИМдин БМЖКККнын, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2023-жылдын 12-июлунда ѳзүнүн жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрында, жекшемби күнү №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Респрубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын. конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайык. КР БШКнын 2023-жылдын 16-июнундагы токтому менен Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылган. Конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, саясий партия шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт.Читать далее
13-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Т. Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган А.Т. аттуу бала секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен натыйжада жогоруда аталган 17 жаштагы баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан. […]Читать далее
Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров япониялык Isuzu компаниясынын лицензиясы боюнча жеңил унаа жана автобустарды чыгарган түркиялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга ANADOLU ISUZU эл аралык сатуу боюнча менеджери Севкан Караман, ANADOLU ISUZU экспорт директору Серкан Өзтүрк жана ANADOLU ISUZU КМШ жана Перс булуңундагы өкүлү Мухаммед Саид катышты. Жолугушууда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик […]Читать далее