БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо дайындалды

 БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо дайындалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2023-жылдын 12-июлунда ѳзүнүн жыйынында 2023-жылдын 10-сентябрындажекшемби күнү 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Респрубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын. конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайыкКР БШКнын 2023-жылдын 16-июнундагы токтому менен Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылган.

Конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылгандобуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерсаясий партия шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан  өткөрүлөт.

Связанный пост