Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Азиядагы эң прогрессивдүү федерация деп таанылды

 Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Азиядагы эң прогрессивдүү федерация деп таанылды
2023-жылдын 11-июлунда Таиланддын борбору Бангкок шаарында 25-Азия атлетика конгресси болуп өттү. Бул тууралуу Бангкоктон Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациянын президенти Канат Аманкулов билдирди.
“Chatrium Grand Hotel” мейманканасында Азия жеңил атлетика ассоциациясынын шайлоо жыйыны өтүп, Кыргызстандын атынан федерациянын президенти Канат Аманкулов жана башкы катчы Мелис Надыров катышты. Конгрессте Азия континентинде жеңил атлетиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкону үчүн Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Канат Аманкуловго лидерликтин алтын белгиси ыйгарылды.
Ошондой эле Мелис Надыров Азия ассоциациясынын юбилейлик медалы менен сыйланды.
Мындан сырткары, Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Азиядагы прогрессивдүү, активдүү уюму катары бааланып, атайын сыйлыкка арзыды.
Эске салсак, бул күндөрү 12-16-июль аралыгында Таиландда Азия чемпионаты өтүп, ага Кыргызстандан да тандалган спортчулар катышып, өлкө намысын коргоп жатышат.
Мелдештер Бангкоктогу даңазалуу “Супачаласай” улуттук стадионунда өтүп жатат.
Азия чемпионатына улук машыктыруучу Татьяна Ефименко жана машыктыруучу Сатыбек Чокаев баштаган устаттар спортчуларды баштап барды.
Кыргызстандын курама командасынын курамы:
– Нурсултан Кеңешбеков, 1500 метрге чуркоо
– Муслим Жоломанов, 800 метр жана 1500 метр
– Тимур Исаков, узундукка секирүү
– Сабина Батаджиева, узундукка секирүү боюнча мелдештерге катышууда.

Связанный пост