Азия чемпионаты (U-15): грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 6 медаль жеңди

 Азия чемпионаты (U-15): грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 6 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү (U-15) боюнча курама командасы Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында 6 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 2 коло) жеңди.
38 кг чейинки салмак категориясында катышкан Абдулазиз Муминов, 52 кг чейинки салмакта Эмир Эмилов алтын медалга ээ болушту.
41 кг чейинки салмакта Актан Эсентуров жана 68 кг чейинки салмак категориясында Асылбек Дөөлөтбеков күмүш медаль тагынышты.
Ошондой эле, 62 кг чейинки салмак категориясында Нуркамил Атагелдиев жана 75 кг чейинки салмакта Нурислам Өскөнбаев коло мелдалга ээ болушту.
Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Айбек Бердалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты. Командалык эсеп боюнча кыргызстандык курама команда 3-орунду ээледи.

Связанный пост