Коом

Ошто үлүштүк эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык компаниясы тарабынан салынып жаткан үйлөрдүн курулушу менен жеринен таанышты. Калаа башчысы Набережная көчөсүндө 9 кабаттан турган 106 батирлүү үйдүн курулушу жана Тилеке-Баатыр көчөсүндө 12 кабаттан турган 100 батирлүү үйдүн курулуш иштерин көрүп чыкты. Долбоордун негизинде аталган үйлөрдүн айланасы жана ага чектеш аймак көрктөндүрүлүп, балдар аянтчаларын, унаа […]Читать далее

Коом

Сентябрга чейин транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек: – транспорт каражатына салык, – турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган. Салыктарды салык […]Читать далее

Коом

Бүгүн абанын табы 41 градуска жетет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2023-жылдын 12-14-июлдарында абанын табы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде […]Читать далее

Коом

Токтогул айылындагы Д.Шопоков атындагы 225-орундуу мектебинин курулушу быйыл бүткөрүлөт

12-июль күнү Президентинин тапшырмасына ылайык, Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов Ош облусунунда курулуп жаткан социалдык объекттердин курулушун мониторинг жүргүзүүдө. Биринчи болуп, Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Токтогул айылындагы 225 орундуу Шопоков атындагы орто мектептин курулушун текшерди. Белгилей кетсек, аталган мектеп быйыл бүткөрүлүп ишке берилет.Читать далее

Коом

Калыс-Ордо жаңы конушундагы социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Калыс-Ордо жаңы конушундагы «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун эсебинен курулуп жаткан социалдык шаарчанын курулушу менен таанышты. Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак-жай имаратынын (30 үй-бүлөгө), медициналык амбулаториянын (ВАП) курулушу дээрлик аяктап, бир нече объектилердин ички жасалгасы калган. Ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу пландалып, курулуш долбоорлору экспертизадан өтүүдө. Белгилей […]Читать далее

Коом

Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат

Төө-Ашуудагы туннелге маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Бишкек-Ош авто жолунун 129-131-чакырымында жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы К.Колбаев атындагы туннельдин ичинин жолун оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу,  2023-жылдын 12-июлунан  тартып,  18-июлуна чейин, авто унааларды  туннельден өтүү кыймылына   маал-маалы  менен чектөөлөр киргизилет. Туннельдин  ичин убактылуу  жабуу убактары төмөндөгүдөй: -05:00дөн тартып, […]Читать далее

Коом

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар оңдолуп жатат

Капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү мекемелерин оңдоо иштерин улантууда. 2023-жылга карата курулуштардын  титулдук тизмесинде 54 билим берүү объектисин оңдоо пландаштырылган, анын ичинде: 25 мектеп, 26 мектепке чейинки билим берүү уюму жана 3 балдар чыгармачылык борбору. Учурда 11 билим берүү объектисинде түтүктөрдү жана санитардык приборлорду  алмаштыруу менен тазалык түйүндөрү жана имараттардын ичине капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды. Алгач, МинКаб Төрагасы ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаровдун Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкө Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапары аяктады. 9-июлда Улан-Батор шаарында эки өлкөнүн лидерлеринин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң алар тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекет башчылары кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти. […]Читать далее

Коом

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жаныш Рустенбеков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргызстан эли орду толгус жоготууга учурады. 2023-жылдын 11-июлунда 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, саясатчы жана дипломат Рустенбеков Жаныш Султанкулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрь айылында туулган. Ж.С. Рустенбеков 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта узак жылдар бою эмгектенди. 1990–1993-жылдары элдин эсинде «легендарлуу парламент» катары калган Кыргыз […]Читать далее