Аймак

Айтматов районунда багбандар алмадан мол түшүм алышууда

Айтматов районунун Чоң Кара-Буура айылынын дыйкандары алмадан мол түшүм алууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзбекстан жана Түркия дан алып келинген көчөттөр 4,5 гектар жерге тигилип, жыл сайын орто эсеп менен 80 тонна алма алынат. Алманын бүгүнкү күндөгү базар баасы 40 сомдон бааланууда. Жыйналган түшүм […]Читать далее

Саясат

Абдулла Арипов ТМУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өттү

Кыргыз-түрк бизнес форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз катышты. Белгилей кетсек, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий жумуш сапары менен келген. МинКаб Төрагасы белгилегендей, акыркы беш жылда Түркиядан Кыргызстандын экономикасына келген түз инвестициянын жалпы көлөмү 1 миллиард 449 миллион доллардан […]Читать далее

Саясат

Азербайжандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Конокту “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын […]Читать далее

Коом

Асыл тукум малды туура тандоо сүттү 20-25%га көбөйтүүгө жардам берет

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы фермерлерди мал чарбачылыктан жогорку киреше алуу үчүн асыл тукум малды көбөйтүүгө жана заманбап технологияларды пайдаланууга чакырды. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл: Асыл тукум букалардын илимий жактан негизделген селекциясын жүргүзүү; Жасалма уруктандыруу технологиясын кеңири жайылтуу; Жогорку сапаттагы жана жетиштүү тоют менен камсыз […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги жеке ассистенттер үчүн жаңыланган эрежелерди сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жеке ассистенттер үчүн жаңыланган эрежелерди сунуштады. Атап айтканда, балдарга жана чоңдорго дайыма кам көрүүгө жана көзөмөлгө муктаж болгон адамдар үчүн жеке ассистент кызматтарынын акысы боюнча маселелерди жөнгө салган өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Өзгөртүүлөр 2025-жылдын 8-августунда кабыл алынган “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” жаңы мыйзамдын негизинде, ошондой […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү $5 млрд жеткирүү пландалууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы—Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана өлкөгө расмий сапар менен келген Түркия Республикасынын Вице-Президенти Джевдет Йылмаз, Кыргыз-Түркия өкмөт аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12- отурумунун жыйынтыгы боюнча ЖМК өкүлдөрүнө билдирүү жасашты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин сөзү: “Урматтуу Вице-президент мырза, Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Урматтуу айымдар жана мырзалар, […]Читать далее

Президент

Бизде артка жол жок. Президент Садыр Жапаровдун мектептеги билим берүү

Кыргызстан билим берүү тармагын түп-тамырынан жаңылоого киришти. Аны менен кошо мектептерде окуучулардын көптүгү, мугалимдердин тартыштыгы жана жаңы окуу куралдарынын жетишсиздиги 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу деген сындар айтылууда. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров менен болгон кезектеги маегибизде жалпы билим берүү саясатына байланыштуу суроолорубузду узаттык. — Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! — Саламатчылык. — Салтка айлангандай, коомчулуктагы актуалдуу маселелер […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бишкекте Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Кыргыз Республикасына расмий жумуш сапары менен келген Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өттү. МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, Өкмөттөр аралык комиссия мамлекеттер аралык стратегиялык өнөктөштүктү жана бир туугандык байланыштарды чыңдоодо маанилүү […]Читать далее

Аймак

Жыл башынан бери Ош облусунда миңге жакын жумуш орду түзүлдү

8 ай ичинде Ош облусунда 62 чакан жана орто ишкана ачылып, анын эсебинен 973 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаевдин ишкерлер менен жолугушуусунда айтылды. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда 2025-жылдын январь-август айларында облуста жалпы көлөмү 13 млрд 170 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу […]Читать далее