Экономика

Чоң-Кемин суусуна 30 млн долларлык чакан ГЭС куруу пландалууда

Чоң-Кемин суусуна 30 млн долларлык чакан ГЭС куруу пландалууда. Маселе күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Токио шаарында Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты – “Япония-Кыргызстан” достук тобунун жетекчисинин орун басары Тошиаки Эндо менен жолугушуусунда талкууланды. Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын келечегин талкуулашты. Япониялык Muroosystem Corporation компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан Чоң-Кемин суусуна […]Читать далее

Аймак

Ноокен районунун дыйкандары быйыл пахтадан мол түшүм алууда

Ноокен районунун дыйкандары быйыл пахтадан мол түшүм алууда. Учурда 2286 тонна пахта жыйналды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, дыйкандар Казакстандан жергиликтүү ишкер тарабынан сатып алынган 2 даана “JOHN DEERE” пахта жыйноочу комбайнды иштетүүдө. Бул техника 1 гектар аянтты бир күндө жыйнап берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, дыйкандардын ишин бир топ […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте сот аткаруучу тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды

Бишкекте сот аткаруучу тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, коррупциялык схема Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу, юстициянын капитаны Ж.А.М. тарабынан уюштурулган. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан алимент өндүрүү маселесин чечип берүү үчүн талап кылып жаткан 35 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан […]Читать далее

Экономика

ЕАЭБде ички инвестициянын агымы өсүүдө

Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстанга ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн келген инвестициянын көлөмү кескин өскөнүн билдирди. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасына 61 миллион доллар инвестиция тартылган. 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги сумма 37 миллион долларды түзгөн. Эксперттердин айтымында, өнөктөш өлкөлөр өзгөргөн глобалдык чөйрөнүн аркасында бири-бирине жакындан көңүл бура баштады. Көрсө, Евразия экономикалык […]Читать далее

Коом

Курулушка квалификациялык сертификат алуу жөнөкөйлөтүлдү

Өлкөдө курулушка квалификациялык сертификат алуунун жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик квалификациялык сертификат — бул кесиптик жана билим деңгээлин мамлекеттик деңгээлде тастыктаган расмий документ. Эми бул документти алуунун тартиби мурдагыга салыштырмалуу кыйла жөнөкөй жана жарандар үчүн ыңгайлуу болуп калды. Буга чейин жарандар 10–12 адамдан турган комиссиянын […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Кара-Сууда “Манас” футболдук стадионун ачты

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында “Манас” футболдук стадионунун ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чаранын алдында Мамлекет башчысы административдик имаратты, спортчулардын кийим алмаштыруучу жайын, машыгуу залын көрүп чыкты. Стадион 1960-жылы курулган жана Кара-Суу шаарындагы башкы спорттук объект болгон. Бирок бул жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес жана бара-бара жараксыз болуп калган. Садыр Жапаров өз […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстандын ТМУга мүчө-мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү 2024-жылы $2 млрд 427

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын/ Вице-президентинин жолугушуусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып сөз сүйлөдү. Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев ТМУ алкагында алгачкы жолу Өкмөт башчыларынын жолугушуусун уюштуруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин жана кесиптештерине Кыргыз Республикасынын бул демилгесин […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларын жана вице-президенттерин кабыл алды. Иш-чара ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин жолугушуусун өткөрүүнүн алкагында Бишкек шаарында өттү. ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин биринчи жолугушуусу Уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүү баскычын билдирген тарыхый окуя болуп саналат. Президент Садыр Жапаров делегация башчыларын жылуу тосуп алып, Түрк мамлекеттер […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери өлкөдө 40 миңден ашык адамга пенсия чектелди

2025-жылдын январь-август айларында өлкөдө 40 миң 275 жаранга пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде август айында 3044 жаранга пенсия чектелган. мындан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде 964 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди.Читать далее

Коом

Бишкекте ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу башталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын/Вице-президентинин жолугушуусу башталды. Алгач, жолугушуу башталаар алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев делегация башчыларын Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ынтымак Ордо” Администрациясынын имаратынан тосуп алып салашдашты. Андан соң, ТМУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана Вице-президентинин биргеликте сүрөткө түшүү […]Читать далее