Коом

“Унаа” президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өттү

“Унаа” мамлекеттик мекемеси президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев “Учкун” ААКта номер белгилерине мөөр басуу боюнча жаңы жабдууларды тааныштыруу учурунда билдирди. Албелгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда унаа номерлери чыгарылган эмес, Россиядан алып келинип, Кыргызстанда аларга мөөр гана басылчу. “Президент бардык негизги документтер — паспорттор, айдоочулук күбөлүктөр, техпаспорттор, ошондой […]Читать далее

Коом

“Учкун” ишканасында автоунаа номерлери чыгарыла баштады

“Учкун” ачык акционердик коомунда автоунаалардын номерлери чыгарыла баштады. “Учкун” ААКнын директору Бакытбек Султановдун айтымында, ишкана номерлерди даярдоо үчүн штамптоочу жабдууларды өз каражатына Кытайдан сатып алды. Анын баасы болжол менен 1,5 млн долларга жетет. “Биз Франция, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдө болдук. Азыр баары Кытайдан соода кылышат, чийки затты да сатып алышат. Буга чейин жеткирүүнү жеке […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдүн көрсөткүчү рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөр тездик менен киргизилип жатат. Улуттук банктын маалыматына караганда, ELQR системасына 20 коммерциялык банк, 14 төлөм уюму туташтырылган, 32 мобилдик тиркеме иштейт. Кыргызстанда 15 млн сомдон ашык эсептешүү эсептери, 9,8 млн банктык карталар, 3,5 млн идентификацияланган электрондук капчыктар жана 3 млн агенттердин мобилдик тиркемелери тейленет. 2025-жылдын биринчи жарымында эле QR […]Читать далее

Аймак

Баткендин Жаңы Достук айылында 181 үй курулууда

Баткен облусунда Жаңы Достук айылы курулууда. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында облустун айрым аймактарынан тургундарды көчүрүү үчүн жаңы турак жай комплекстеринин курулушу башталган. Баткен районунун Бужум айылынын Чет-Булак аймагында жайгашкан Жаңы Достук айылында 181 турак үйдүн курулуш иштери жүрүүдө. Ал эми Лейлек районунун Раззаков жана Максат айылдарында […]Читать далее

Коом

Кубанычбек Өмүралиев ТИМдин «Эл аралык кызматташууну бекемдөө үчүн» медалы менен

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы министрге күн мурун, 18-сентябрда Бишкекте алгачкы жолу болуп өткөн ТМУ мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Кубанычбек Өмуралиев 6-7-октябрда Азербайжанда өтө турган Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Тышкы иштер […]Читать далее

Аймак

Баткенде жыл башынан бери 45 чакырым жол асфальтталды

Баткенде жыл башынан бери 45 чакырым жол асфальтталды. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, 2025-жылы 118 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, 9 ай аралыгында 45 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 315 млн сомдук жумуш аткарылды. 2022-2024-жылдары 171 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 180 чакырымга шагыл жол салынды. Ал үчүн 2 млрд 286 млн 700 миң сом бөлүнгөн.Читать далее

Коом

Бишкекте дзюдо боюнча балдар-өспүрүмдөр мектеби ачылды

Бишкекте Жаныбек Алыкулов атындагы дзюдо боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Төрага ачылыш аземинде жаңы курулган имарат мыкты спортчулар тарбияланып, тапталып чыккан куттуу спорттук жай болсун деген тилегин билдирди. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Төрөбаев: 2025-жылы экономиканын ар бир айдагы өсүшү 11,5% деңгээлинде болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, 20-сентябрь – Ишкерлер күнү жана 25-жылдык мааракеге байланышкан салтанаттуу иш-чарага катышты. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан ишкерлерди куттуктап, өлкөнүн экономика тармагындагы аткарылып иштерине токтолду. Маселен, акыркы […]Читать далее

Коом

Бишкекте мамлекеттик ишмер Нүзүп Аталыктын эстелиги ачылды

Бүгүн Бишкектин четиндеги Орок айылында XIX кылымдын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Нүзүп Аталыктын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Салтанатка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Нүзүп Аталык тууралуу китептин автору, жазуучулар, тарыхчылар жана шаар коноктору катышты. Эстелик Жайыл баатыр жана Б.Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган. Монументтин автору скульптор […]Читать далее

Аймак

Жаңы Баткен шаарынын курулушун долбоорлоо иштери жүрүүдө

Жаңы Баткен шаарынын долбоорлоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун “Жаңы Баткен” шаарын куруу демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан колдоо тапты. Ага ылайык, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында 760 гектар жер аянты трансформацияланды. Анда 100 миң адамга ылайыкталган экологиялык жашыл курулат. […]Читать далее