Президент

Садыр Жапаров иш сапары менен АКШга барат

Президент Садыр Жапаров 22-25-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. “Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык” темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү […]Читать далее

Коом

Кыргызстандыктар аралыктан добуш бере алышат

Кыргызстандын жарандары аралыктан добуш бере алышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентинин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, шайлоо процесстерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын бири – бул аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү. Муну ишке ашыруу максатында Боршайком уюштуруу иштерин жана программалык-техникалык камсыздоону даярдап, учурда тестирлөө […]Читать далее

Укук тартиби

Акыркы жумада өлкө аймагында 255 мас айдоочу аныкталды

Алдын ала маалымат боюнча, 15-сентябрдан 21-сентябрга чейин өлкө аймагында 22 692 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен: тийиштүү документтери жокунаа башкаруу – 1 379; мас абалында унаа башкаруу – 255; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 146; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 655; транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо […]Читать далее

Маданият

Кыргызстандык ырчылар “Интервидение-2025” сынагында экинчи орунду ээледи

Москва шаарында эл аралык музыкалык сынак «Интервидение-2025» жыйынтыкталды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган престиждүү иш-чарада Nomad триосу Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи. Сынактын түз эфириндеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөнү камтып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты. Белгиленгендей, кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев Чүйдөгү тигүү цехинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда заманбап “KG TEX” тигүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Белгилей кетсек, бул тигүү ишканасы быйыл ишке киргизүү планына кирген 134 өнөр жай ишкананын бири, ишкананын расмий ачылышы өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын белгилөөдө болгон. Маалым болгондой, бул ишкананын […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

18-сентябрда Тбилиси шаарында Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык протокол директораттын директору Зураб Дарчиашвилиге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, андан кийин элчи Мамытканов Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтык маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогору деңгээлдеги визиттерди уюштурууну, ошондой эле эл аралык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Данияр Амангелдиев Татарстандын раисинин ант берүү аземине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Татарстандын (Россия Федерациясы) раисинин кызматына кайрадан шайланган Рустам Миннихановдун ант берүү аземине катышты. Ошондой эле кыска жолугушуу болуп өтүп, анын жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуунун бардык тармактары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти. Данияр Амангелдиева Рустам Миннихановду республиканын башчылыгына кайрадан шайланышы менен куттуктап, […]Читать далее

Коом

Туманбаев: “Учкун” мамлекеттик маанидеги ири долбоорлорду ишке ашырууда

«Учкун» ААК бүгүн өз күчү менен мамлекеттик номерлерди чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Бүгүн «Учкун» ачык акционердик коомунун жаңы өндүрүшү менен таанышып чыктым. Эми өлкөбүздө автоунаалар үчүн мамлекеттик номер белгилери биринчи жолу өзүбүздө чыгарылууда. Бул чоң жетишкендик. Эсиңиздерде болсо, бир нече жыл мурун «Учкун» дээрлик банкрот […]Читать далее

Министрлер кабинети

Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү. Белгилей кетсек, бул координациялык кеңеш – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу азык-түлүк арзан

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 17-сентябрга карата Кыргызстанда жана коңшу Казакстан менен Россиядагы азык-түлүк продукцияларына болгон баага мониторинг жүргүздү. Анын жүрүшүндө Кыргызстанда жашылча-жемиштерге, айрыкча сабиз, пияз жана картошкага болгон баалардын төмөндөгөнү байкалууда. Мында орточо баалар төмөнкүдөй: жумуртка – 93,7 сом; картошка – 39 сом; кумшекер – 76,4 сом; өсүмдүк майы […]Читать далее