Борбор Азия

8 айда Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү дээрлик $600 млн

2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 597 млн долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады. Өткөн жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 530 млн доллар болгон. Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү быйыл 51,4 млрд долларга жетип, бир жыл ичинде 19,8%га өстү. Учурда Өзбекстан дүйнөнүн 200гө жакын мамлекети менен соода жүргүзүп келет. […]Читать далее

Аймак

Баткендеги Жаңы Достук айылында 181 үй курулду

57 гектар аянтты ээлеген Жаңы Достук айылында учурда 181 үй тургузулду. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштеринин алкагында көчүрүлгөн Достук айылынын тургундары үчүн Баткен районунун Чет-Булак аймагында Жаңы Достук айылында турак үйлөр курулууда. 181 үй алты катарга жайгашкан. Негизги көчөгө асфальт төшөлөт. […]Читать далее

Президент

Кыргызстандын президенти Афганистандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында Афганистандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырып, Афганистанды эл аралык изоляцияга алуу жана каржылык жардамсыз калтыруу туура эместигин белгиледи. Президент геосаясий максаттарды көздөп, каржылык инструменттерди колдонуу гуманитардык кризисти курчутарын белгилеп өттү. Ал Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган 9 миллиард доллардан ашык акча каражаты афган элине кайтарылышы […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн

“Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек?”, – деп суроо салды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөп жатып. Мамлекет башчы дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгиледи. Ал бүткүл дүйнөнүн көз […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен

“Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүүгө даяр”- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөп жатып. Мамлекет башчысы туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграция үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү тең укуктуу диалогго жана активдүү өз ара аракеттенүүгө муктаждыгын баса белгиледи. Ал Кыргызстан татаал тарыхый-географиялык шарттарга […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров: Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары баалайбыз

«Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз», – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келет деп белгиледи. Ал Кыргызстан өзүнүн […]Читать далее

Президент

Кыргызстандын президенти БУУда сөз сүйлөдү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу төрайым, Урматтуу башкы катчы мырза, Урматтуу делегация башчылары, айымдар жана мырзалар, Алды менен Анналена Бербок айымды БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын президенти болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаймын. Быйыл биз дээрлик бир […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча өкүлү менен

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар эки жактуу жана көп тараптуу форматтагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан диалогго ачык экенин жана кызматташуу үчүн бир […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Гвинея-Бисаунун Президенти Умару Сисоку Эмбало менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Гвинея-Бисаунун Президенти Умару Сисоку Эмбало менен жолугушту. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Гвинея-Бисаунун ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн баштапкы баскычында экенин белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2025-жылдын февраль айында түзүлгөн. Садыр Жапаров Африка мамлекеттери, анын ичинде Гвинея-Бисау […]Читать далее

Президент

Президент С. Жапаров Габондун Президенти Брис Клотер Нгема менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Габон Республикасынын Президенти Брис Клотер Нгема менен жолугушту. Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер калыптануу жана өнүгүү баскычында экенин белгилешти. Маселен, бүгүн Дипломатиялык мамилелерди […]Читать далее