Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышы өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтом долбоору кабыл алынган соң Төрага Нурланбек Тургунбек уулу элге кайрылуу жасап, бул чечим тарыхый мааниге ээ экенин билдирди. Тагыраагы, эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу парламент өзүн өзү таратуу боюнча чечимин кабыл алганын белгилеген Төрага 1994 жана 2007-жылдары ошол кездеги Президенттердин жарлыгы менен, […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөрү белгилүү болду. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу шайлоо 30-ноябрда өтөрүн билдирди. “Биз шайлоонун таза жана ачык-айкын өтүшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Азыр айрым депутаттар президенттин, генералдын же Жогорку Кеңештин төрагасынын батасын алыптыр деген имиштер чыгып жатат. Батаны эл гана берерин белгилеп […]Читать далее
Депутаттар «VII чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө» Жогорку
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-сентябрдагы жыйында «VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карады. Аталган маселе боюнча маалыматты депутат Улан Примов тааныштырып, демилгечи топко 32 депутат киргенин билдирди. «Эмдиги жылы эки маанилүү окуянын, тагыраагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келгендигине байланыштуу ортодогу айырма кыска убакытты түзүп калууда. Ошондуктан демилгечи топ өлкөдөгү саясий системаны жана […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-сентябрдагы жыйында “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Демилгечи, депутат Дастан Бекешев белгилегендей, аталган мыйзам долбоору жашы жете электердин шайлоо процессине катышуусун жөнгө салуучу ченемдерди тактоого жана өркүндөтүүгө багытталган. Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык […]Читать далее
Жыл аягына чейин өлкөдө 4 соода-логистикалык борборду пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпы 9 соода-логистикалык борборду пайдаланууга берүү пландалган. Учурда анын бешөөсү ишке берилди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 34 соода-логистикалык борбор бар. Кыргызстанда экспорттук жана импорттук агымдарды натыйжалуу башкаруу, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Улуу Британиянын Премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир […]Читать далее
“Жасалма акыл технологиялары тынчтык, чыр-чатактардын алдын алуу жана адам өмүрүн коргоо максаттарына гана кызмат кылууга тийиш”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы жыйынында сөз сүйлөп жатып белгиледи. Мамлекет башчысы сөзүнүн башында Корея Республикасынын Президенти Ли […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Португалия Республикасынын Президенти Марселу Ребелу де Соза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды. Президент Садыр Жапаров көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Португалиянын […]Читать далее
Садыр Жапаров: Кыргызстан тоо экосистемасын сактоону бардык мамлекеттердин жоопкерчилиги деп
“Кыргызстан тоолуу өлкө катары, тоо экосистемасын сактоону бардык мамлекеттердин жалпы жоопкерчилиги деп эсептейт”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сөз сүйлөп жатып. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан глобалдык климат боюнча күн тартибинин алкагында өз милдеттенмелерин так аткарууга умтуларын баса белгиледи. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Нью-Йорк шаарында Тонга Королдугунун Премьер-министри Аисаке Эке менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында демилгелерди өз ара колдоого макулдашышты. Кыргызстан менен Тонганын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Тонганын өнөктөштүгүн алдыга […]Читать далее