Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Нью-Йорк шаарында жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алдында Мамлекет башчысы БУУнун Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Антониу Гутерриш Садыр Жапаровду тосуп алып, жолугушууга канааттануусун билдирип, Кыргызстандын тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, өлкөнүн Борбор Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуудагы ролун өзгөчө белгиледи. […]Читать далее
Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов Лейлек районунда чек ара айылдарынан көчүрүлүүчү тургундар үчүн курулуп жаткан жаңы айылдардан кабар алды. Өкулчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы аталган айылдарга көчүрүлүүчү тургундар менен да жолукту. Айыл эли жаңы айылдар боюнча бир катар суроолоруна жооп алышты. Айбек Шаменов ар бир үй-бүлө үчүн бардык шарты бар үйлөр толук бүтүп тапшырыларын, айылдын электр […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңеш “Кыргызстанда мамлекеттик пенсиялар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 2024-жылы президенттин бийик тоолуу аймактарда балдардын төрөлүшү үчүн бир жолку төлөм жөнүндө жарлыгы чыкканын эске салды. Анын айтымында, 2026-жылдан тарта “балага береке” жөлөк пулун уюштуруу сунушталууда, анда […]Читать далее
Жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен продукцияны системалуу түрдө ташып келүү, жасалмалоо жана сатуу боюнча кылмыш схемасы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат мамлекеттин экономикалык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында ата мекендик жаңы азык-түлүккө жамынып, мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын системалуу түрдө ташып келүү, жасалмалоо жана сатуунун кылмыштуу схемасын аныктап, бөгөт койду. Козголгон […]Читать далее
Кыргызстанда педагогика кызматкерлеринин айлыгы 2026-жылы эки этап менен – апрелде жана октябрда жогорулайт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркул Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, министрликтин адистери Финансы министрлиги менен биргеликте айлык акыны жогорулатуу механизмин иштеп чыгууда. Биринчи кезекте алар эң аз төлөнүүчү категориялардын — окуу-тарбия иштери боюнча жетекчилердин, бала бакчалардын башчыларынын, социалдык кызматкерлердин, методист жана мектеп ашканасынын […]Читать далее
Балыкчы шаарына баңгизатын системалуу түрдө ташып келгендер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн кол менен даярдашкан. 22-сентябрда Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда кармалып, тинтүү учурунда 6 килограмм баңгизат, […]Читать далее
Сузак районунун Жерге-Тал айылында заманбап шарттар менен курулган “Бахрейн-3” социалдык шаарчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев катышты. Жалпы аянты 4,19 гектарды түзгөн шаарчада 8 турак үй жана 16 батир курулду. Ошондой эле бул жерде фельдшердик-акушердик пункт, дүкөн, мечит, 100 орундуу балдар бакчасы жана 200 орундуу жаңы […]Читать далее
Өлкө боюнча жалпы 256 социалдык объектте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоорлор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Алсак: • 136 мектеп; • 64 бала бакча; • 29 спорт объектиси; • 11 саламаттык сактоо объектиси; • 5 маданият үйү; • 11 административдик имарат курулууда. Социалдык объекттердин курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө. […]Читать далее
Баткен облусунун Кадамжай районунда күрүч жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, дыйкандар бул жылы түшүм мол болуп, ар бир гектардан 37 центнерге чейин күрүч жыйналып жатканын билдиришти. Аймактагы дыйкандар кооперативдерге биригип, түшүмдүүлүктү жогорулатууга аракет кылышууда. Учурда райондо ар кандай багыттагы 76 кооператив иштейт. Кадамжай районунда 3220 гектар күрүч талаасы бар, андан жыл сайын орто […]Читать далее
«Береке курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору, «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.У.Ч. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, 2019-жылдын 4-апрелинде С.У.Ч. менен жаран А.А. ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу боюнча үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Аталган келишимдин негизинде А.А. Ош шаарынан жалпы аянты 45 сотых болгон жер тилкесин курулуш […]Читать далее