Казакстанда өлкө аймагынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып чыгуунун алдын алуу максатында коңшу мамлекеттерден кирген унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министринин орун басары Кайырхан Туткышбаев өкмөттүк брифингде айтканын Tengrinews.kz жазды. Анын айтымында, жаңы эрежеге ылайык, чек арага чектеш мамлекеттерден келген жүк ташуучу жана жеңил унаалар Казакстандын аймагына суткасына бир гана ирет кире алат. “Учурда Ички иштер […]Читать далее
Өзбекстандын Анжиян шаарынын тургуну бир учурда беш ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, Repost.uz басылмасы билдирди. Маалыматка ылайык, балдар кесарево жолу менен мөөнөтүнөн мурда төрөлүшкөн. Алар салмагы 1450, 1605, 1495, 1585 жана 1205 граммды түзгөн үч кыз жана эки уул. Ымыркайлар менен эненин абалы жакшы. Алар учурда медицина кызматкерлеринин […]Читать далее
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстан башчысынын басма сөз кызматы билдирди. “Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн дагы тарыхый мааниге ээ болгон бул урунттуу окуя Кыргызстандын эл аралык жогорку кадыр-баркынын таанылышы, ошондой эле өлкө […]Читать далее
Казак элинин көрүнүктүү акыны Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Kazinform кабарлады. Ага ылайык, акын буга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болду. Алп акын Мухтар Шаханов 1942-жылы Түркстан облусунда жарык дүйнөгө келген. Анын 30дан ашык поэтикалык китептери жарык көрүп, чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Ошондой эле ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен […]Читать далее
Бишкекте 31-марттан 2-апрелге чейин Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, делегацияларды Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, Казакстандын энергетика вице-министри Сунгат Есимханов жана Өзбекстандын энергетика министринин орун басары Умид Мамадаминов жетектешти. Сүйлөшүүлөргө ошондой эле тараптардын тиешелүү министрлик жана […]Читать далее
Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (АЭЭА-МАГАТЭ) Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча 2030-жылга чейинки иш-аракеттерди камтыган жаңы стратегиялык планды кабыл алды. Бул тууралуу “Дунё” агенттиги кабарлады. Документ Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын катышуусунда эл аралык каржы жана тармактык уюмдар менен кызматташууну көздөйт. Программанын жаңыланган жалпы наркы 113 млн еврону түзөт. Ага курулуш жана инженердик иштер, […]Читать далее
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Азербайжанда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитиндеги сөзүндө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорунун стратегиялык маанисин белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Президенттин айтымында, бул долбоор эл аралык транзиттик коридорлорду өнүктүрүүдө, түрк мамлекеттеринин транспорттук байланышын чыңдоодо жана атаандаштыкка жөндөмдүү Ортоңку коридорду калыптандырууда маанилүү ролго ээ. “Эгерде Ортоңку […]Читать далее
Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–август айларында өлкө Кыргызстандан 18 миң тоннадан ашык картошка импорттогон. Белгиленген мезгил ичинде Өзбекстанга жалпы 11 мамлекеттен 490,8 миң тонна картошка киргизилип, анын жалпы наркы 49,7 млн АКШ долларын түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу картошканын импорту 9,1 пайызга же 41 миң тоннага көбөйгөн. Импорттун негизги көлөмү […]Читать далее
25–26-сентябрда Брюссель шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору боюнча үчүнчү жолу жолугушту. Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, жыйында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасиринин социалдык баалоосу, аткаруу жолдору жана эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле октябрь–ноябрь айларында өтө турган кийинки жолугушууга даярдык көрүү маселеси каралды. Долбоордун […]Читать далее
2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 597 млн долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады. Өткөн жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 530 млн доллар болгон. Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү быйыл 51,4 млрд долларга жетип, бир жыл ичинде 19,8%га өстү. Учурда Өзбекстан дүйнөнүн 200гө жакын мамлекети менен соода жүргүзүп келет. […]Читать далее