Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Австриянын Федералдык канцлери Кристиан Штокер менен кыска жолугушуу өткөрдү. Кыргыз-австриялык кызматташтыктын экономика, инвестиция, экология жана туризмди камтыган маселелери талкууланды. Диалогду бекемдөөгө жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлык белгиленди.Читать далее
Социалдык тармактарда тарап жаткан Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Президенттин басма сөз катчысы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт. Ошондой эле Алагөзов коомчулукка кайрылып, президенттик шайлоо өткөнгө чейин ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууну улантышарын […]Читать далее
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты. Дебаттар башталар алдында Мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан тосуп алуу аземи болуп өттү. Дебаттардын ачылышына дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик сессиясы «Жакшысы — […]Читать далее
Бишкекте 25-сентябрдан тарта электробустар каттай баштайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, электробустар алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарда каттай баштайт. Ал эми №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичи пландаштырылууда. Белгилей кетсек, №66 жана №33 каттамдары жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номердеги каттам мурдагы троллейбустун кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет. Эскерте кетсек, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 3-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул конституциялык мыйзамдын максаты КР Конституциясында каралган Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109 жана 110-беренелеринин жоболоруна ылайык келтирүү болуп саналат. Конституциялык мыйзам менен […]Читать далее
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Казакстандын “Достык” ордени
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Казакстан Республикасынын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Казакстан парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунун алкагында өтүп жаткан “Маданий дипломатия — Боордоштукту бекемдөө жолунда” кыргыз-казак илимий – чыгармачыл интеллигенциянын тогузунчу форумунда тапшырды.Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз-казак илимий-чыгармачыл интеллигенциянын IX форумуна катышты
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен бирге “Маданий дипломатия – боордоштукту бекемдөө жолунда” аттуу кыргыз-казак илимий-чыгармачыл интеллигенциянын IX форумуна катышты. Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөн форумда эки өлкөнүн парламенттеринин депутаттары, илимпоз-окумуштуулар, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, жаштар жана меймандар болду. Өз баяндамасында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргыздын залкар акыны Акбар […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бишкекте уюштурулган Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунун алкагында өткөн жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу да сөз болду. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу эриш-аркак жашаган эки элдин байланышы терең […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу. Дыйканчылык талааларында үшүп кете […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) ишке ашырылышын, ошондой эле экология, климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен демилгелерди талкуулашты. Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасынын экономикасы тездетилген өсүштү көрсөтүп жатканын белгиледи: – […]Читать далее