Саясат

Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат. КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын […]Читать далее

Саясат

Кыргызстанга Россиянын Президенти Владимир Путин расмий сапар менен келет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы сапардын алкагында Мамлекет башчысы менен Президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой […]Читать далее

Коом

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө 280 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда. Учурда имараттын айланасына тосмолорду орнотуу, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары газ отканасын куруу иштери уланууда. Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2927 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0,8 га. Имаратта, кийинүү, […]Читать далее

Коом

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (270-274-чакырым аралыгы) таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Тоо боорунан кулаган таштардын – көчкүнүн жалпы көлөмү 15 000 м3 түзөт. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат. Жаратылыш кырсыгы 4-октябрга караган […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы 9 айда 178,6 млрд сом салык жана камсыздандыруу

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 178 млрд 654,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.  Белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,5 млрд сомго көп чогултулду. Чогулган каражаттардын түзүмүндө 132 млрд 54,2 млн сом салык жана төлөмдөргө, 46 млрд 600 млн […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгы болбойт

Казакстан аркылуу күйүүчү-майлоочу майлардын транзити боюнча көйгөйлөр иш жүзүндө чечилди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди. “Казакстан өз аймагы аркылуу жүк ташууга эч кандай мыйзамдык тыюу салган эмес. Темир жолдо ашыкча жүк болгонуна байланыштуу кыйынчылыктар жаралууда. Учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жана «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын директорунун […]Читать далее

Спорт

Азия оюндары: Жоламан Шаршенбеков финалда

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты. Спортчу 60 кг салмак даражасында беттешип жарым финалда Өзбестандык балбанды 9:0 эсебинде жеңди. Белгилей кетсек, спортчу алгач Тажикистандык балбанды 8:5 эсебинде, чейрек финалда Кореялык балбанды 9:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Азия оюндарынын финалында Жоламан Шаршенбеков […]Читать далее

Спорт

Азия оюндары: Акжол Махмудов казак балбанын жарым финалда жеңип, финалга

Азия оюндарында Акжол Махмудов казак балбанын жарым финалда жеңип, финалга чыкты. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акжол Махмудов (77 кг) Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алгач 1/4 финалында Камбоджалык атаандашын жеңген.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин Төрагасы Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти.   Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.   Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.   Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында […]Читать далее

Коом

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-октябрда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушуу өткөрдү. Регионалдык жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле региондо туруктуулукту бекемдөө чөйрөсүндө Европа Биримдиги менен кызматташуунун келечек пландары жөнүндө кеңири пикир алмашуу болду. Марат Иманкулов Евробиримдик Кыргызстандын көз карандысыздыкка ээ болгондон бери системалуу негизде […]Читать далее