Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө 280 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда.

Учурда имараттын айланасына тосмолорду орнотуу, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары газ отканасын куруу иштери уланууда.

Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2927 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0,8 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

“Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.

Связанный пост