Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгы болбойт

 Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгы болбойт

Казакстан аркылуу күйүүчү-майлоочу майлардын транзити боюнча көйгөйлөр иш жүзүндө чечилди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди.

“Казакстан өз аймагы аркылуу жүк ташууга эч кандай мыйзамдык тыюу салган эмес. Темир жолдо ашыкча жүк болгонуна байланыштуу кыйынчылыктар жаралууда. Учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жана «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын директорунун орун басары жеринде иштеп жатат. Казак тарап күйүүчү-майлоочу майлардын транзиттик өтүүсүн координациялай баштады” – деди Малаев.

Связанный пост