Жогорку Кеңештин Төрагасы Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти

 Жогорку Кеңештин Төрагасы Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларусь Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

 

Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

 

Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

 

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.

Связанный пост