Азия оюндары: Жоламан Шаршенбеков финалда

 Азия оюндары: Жоламан Шаршенбеков финалда
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Спортчу 60 кг салмак даражасында беттешип жарым финалда Өзбестандык балбанды 9:0 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, спортчу алгач Тажикистандык балбанды 8:5 эсебинде, чейрек финалда Кореялык балбанды 9:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан.
Азия оюндарынын финалында Жоламан Шаршенбеков Япониялык Аята Сузуки менен чыгат.

Связанный пост