Аймак

Жаңы Баткен шаарын курууга 760 гектар жер трансформацияланды

Жаңы Баткен шаарынын жери трансформацияланып, шаарды куруу боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жумушчу топтун курамына тийиштүү мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү кирип, жыйынга президенттин өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилик кылды. Анда шаарды пландаштыруу, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди куруу маселелери талкууланып, жумушчу топтун тең төрагаларына тармактарды бөлүү сунушу каралды. Белгилей […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бакыт Төрөбаев ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине байланышкан

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчили алдында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууну талкуулаган жыйын болуп өттү. Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигинин, Каржы министрлигинин, Транспорт жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Төрөбаев: Кыргызстан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай мамлекеттик темир жол корпорациясынын башкы директорунун орун басары Ван Лисин баштаган Кытайдан келген делегация менен жолукту. Жолугушууда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу практикалык баскычка өткөнү айтылды. Учурда тоннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураны куруу, негизги уюштуруу жана административдик маселелерди […]Читать далее

Министрлер кабинети

“Учкун” 2,4 млрд сомдон ашык киреше тапты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Учкун” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда Адылбек Касымалиевге президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси, “Учкун” мамлекеттик басмаканасынын башкы директору маалымат беришип, жалпы ишмердүүлүк тууралуу презентация жасалды. Айтылган маалыматтарга ылайык, ишкананын – өлкөнүн билим берүү мекемелерине арналган окуу китептерди, ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду, айрым продукцияларга карата акциздик маркаларды, транспорттук техникалык […]Читать далее

Шайлоо

БШК: Саясий партиялар 3 күндүн ичинде талапкерлерди көрсөтүүгө милдеттүү

Шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар 3 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүшү керек. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. Маалыматта белгиленгендей, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууга каалоосун билдирген саясий партиялар КР Борбордук […]Читать далее

Коом

Бишкекте Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу талкууланды

Күн мурун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда өттү. Анда министрликтин президенттин “Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы талкууланды. Мурдагы тажрыйбада стратегиялык документтерди сырттан келген эксперттер […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб төрагасы Бишкектеги ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан курулуп жаткан “Ынтымак” турак жай комплексинен кабар алды. Анда президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы тарабынан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ишке ашырылып […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлигинин соцмекемелеринде 2 399 жаранга кызмат көрсөтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 17 социалдык стационардык мекемесинде 2 399 жаранга кызмат көрсөтүлөт. Ведомстводон маалымдашкандай, аталган мекемелер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Бүгүнкү күндө, стационардык мекемелерде жалпысынан 2 399 кызмат алуучу бар. Анын ичинен улгайган жарандардын жана майыптуулугу бар жарандардын саны – 504. – Б. Салиева ысымындагы Нижняя-Серафимовкадагы улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Папуа-Жаңы Гвинеянын ортосунда дипмамилелер түзүлдү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Папуа-Жаңы Гвинеянын тышкы иштер министри Жастин Ткаченко менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Министрлер эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелерди жана көп тараптуу аянтчалардагы кызматташууну талкуулашты. […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө ишкерлердин укугун коргоо чаралары күчөтүлөт

КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мирлан Ашырбаевдин жумушчу жолугушуусу өттү. Агенттиктен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлдөрү ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгү, ошондой эле бизнес процесстерине көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүнүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. […]Читать далее