Кыргызстанга кезектеги туристтик поезддер келди

 Кыргызстанга кезектеги туристтик поезддер келди

2023-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарына Европа жана Америкадан келген туристтерди «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кызматкерлери жана уюштуруучулар Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты.

Жалпысынан № 926/925 турпоезд менен 70 жакын туристтер келишсе, ал эми № 924/923 турпоезд менен 65 жакын туристтер келишкен. Бул туристтик эс алуу маршуртун Lernidee Erlebnis Reisen GmbH жана Golden Eagle Luxury Trains туристтик компаниялары уюштурган.

«Кыргыз темир жолу» туристтердин каалоосун эске алуу менен № 926/925 турпоездге ишкананын «Люкс» жана «Вип» вагондорун чиркеп, Балыкчы шаарына чейин барып келүүгө шарт түзүп берди. Келген коноктор кереметтүү Ысык-Көлдүн кооз жаратылышына суктанышып, тарыхый-маданий мурастары менен таанышып кайтышты.

Связанный пост