Министрлер кабинети

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркы түзүлөт

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аймактарынын достук паркы түзүлөт. Бул паркты куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук капсула салышты. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков бул парка коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, […]Читать далее

Коом

Бишкекте тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангешлдиев кореялык инвесторлор менен катуу тиричилик калдыктарын (КТК)  кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча жыйын өткөрдү. Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн жана курчап турган чөйрөнү коргоонун актуалдуулугун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын ири шаарларында катуу калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу азыркы учурда мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Долбоордун максаты – […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда  ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине башкы башкармалык тарабынан 12-13-октябрь күндөрү борбор калаабызда өтүүчү Көз карандысыз мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны учурунда,  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча өздүк курамга саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Анда,  кызматкерлердин кийген формасынан тартып,  атайын каражаттарын, кызматтык унаалардын техникалык абалдарын, бекитилген аймактага кайгуул күзөт чарчыларын […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасы Жалал-Абад шаарындагы бир катар көчөлөрдү реконструкциялоонун жүрүшү менен

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнүн абалы менен таанышты. Узундугу 3,5 чакырымды түзгөн Т. Байзаков атындагы проспектисин оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айында аяктаган. Жолду реконструкциялоого 146 млн сомдон ашуун каражат каралган. Ал эми Б. Осмонов атындагы […]Читать далее

Укук тартиби

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

2023-жылдын 10-октябрында КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Казбек кара” деген ат менен белгилүү Билалов К.С. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Кармоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү. Маалым болгондой, Билалов К.С. буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Кармалган адам […]Читать далее

Экономика

Дем берүүчү гранттар аркылуу 234,8 млн сом каржыланды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2023-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 800,0 млн. сом каралган. 2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун 2023-жылдын 19-апрелиндеги №15-01/2 протоколуна ылайык, 332 долбоор бекитилген. Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги 13 мекендешке мекенине кайтууга жардам берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу үчүн 13 кыргызстандыкты мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөттү. Миграция башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, кыргызстандыктар автобус менен Казакстан Республикасынын Урал облусунан Кыргызстандын Алматы ш.Башкы консулдугунун көмөгү менен алынып келинди. Орусияда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктар керектүү миграциялык процедуралардан өз убагында өтө албай, Россия Федерациясынан Казакстанга […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад облусунда кылкандуу дан эгиндери жыйналып, күздүк айдап-себүү жумуштары башталды

2023-жылдын түшүмү үчүн жалпы облус аймагында 32 миң 445 гектар жер аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилип, толугу менен коромжусуз жыйнап алынды. Тактап айтканда, 18 миң 137 гектар аянтка буудай өсүмдүгү эгилген. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 601 гектар аянка көп. Гектарына орточо түшүмдүүлүк 26,6 центнерди түзүп, 48 миң 159,9 тонна дүн жыйым топтолду. Ал эми алдынкы дыйкан-фермерлер […]Читать далее

Укук тартиби

КР грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн КР грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти “И.А.Х.” кармалды. “И.А.Х.”. жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы […]Читать далее

Коом

Ошто шаар четиндеги жаңы конуштарды өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлор

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Швейцария элчилигинин колдоосу менен каржыланган “Аракет” долбоорунун алкагында түзүлгөн Координдациялык кеңештин кезектеги отуруму өтүп, анда долбоорго кирген №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын жана “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы үй-бүлөлүк жатаканалардын маселелеринин чечүү боюнча талкуу болду. Жыйында муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы жаңы конуштардын негизги көйгөйлөрү айтылып, элдин жашоосун жеңилдетүү […]Читать далее