Дем берүүчү гранттар аркылуу 234,8 млн сом каржыланды

 Дем берүүчү гранттар аркылуу 234,8 млн сом каржыланды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2023-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 800,0 млн. сом каралган.

2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын отурумунун 2023-жылдын 19-апрелиндеги №15-01/2 протоколуна ылайык, 332 долбоор бекитилген.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген отчеттордон көз каранды (суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, дем берүүчү (үлүштүк) грант каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен транштарда берилет (өздүк, тартылган, республикалык бюджет) долбоордун түрүнө жараша отчет берилгенден кийин).

2023-жылы ишке ашырууга 332 долбоор бекитилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого тапшырылган отчеттордун негизинде 2023-жылдын 9 айында республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 243,8 млн сом суммасындагы 223 долбоор каржыланган.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Связанный пост