Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. “Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди чыңдоого, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн”, — деп айтылат жарлыкта.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Нагаока шаарынын мэри Исода Тацунобу жетектеген Япониянын делегациялары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандарды ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу, миграция, калктын аярлуу катмары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. […]Читать далее
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө. 2023-жылдын 14-сентябрына карата Долбоордун алкагында республиканын 7293 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 275,7 млн сом суммасында жеңилдетилген […]Читать далее
Өлкө аймагындагы тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жана Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тез татым коомдук тамактануучу жайларында келип чыккан жарандык массалык ууланууга байланыштуу Ветеринардык кызмат төмөндөгүдөй иштерди аткарды. Ветеринардык кызматтын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Экономика жана коммерция министрлиги менен 109 субъектиге пландан тышкары текшерүү жүргүзүү макулдашылып, бүгүнкү күндө 83 субъектиге текшерүү жүргүзүлдү, анын ичинен: – […]Читать далее
КР УКМК тарабынан фискалдык саясат чөйрөсүндөгү кызмат адамдардын системалуу иштери боюнча күрөшүүнүн алкагында, контролдук-кассалык машиналарды орнотуу боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттерден акча талап кылуу жана системалуу түрдө көмүскө өндүрүү, ошондой эле салык органынын кызматкери туумдарды жана кошумча салыкты чыгарып салуулары менен коркутуу фактылары аныкталды. 2023-жылдын 11-октябрында соттун санкциясы менен атайын тергөө […]Читать далее
Бүгүнкү күндө 16 айыл чарба кластерлери түзүлгөн: сүт, эт, кант, жумуртка, жашылча-жемиш, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, балык, пахта, жүн, бал, буурчак жана жаңгак-жемиш өсүмдүктөрү (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүш. Кластердик өнүктүрүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: ▶️ агроөнөр жай кластерлеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экономикалык потенциалын жогорулатуу, анын ичинде инновацияларга, технологияларга, адистештирилген […]Читать далее
“Альфа Телеком” (соода маркасы MEGA) компаниясынын акцияларын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ “Альфа Телеком” ЖАКтын мамлекеттик үлүшүн сатуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлдү. Электрондук сатууга катышуу үчүн эки компаниядан билдирүү түшкөн: 1. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК; 2. “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК. “Альфа Телеком” ЖАКтын 100 […]Читать далее
Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды. Ага өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев төрагалык кылууда. Алгач министрлер сүрөткө түшүп, андан соң тар курамда сүйлөшүүгө киришти. Быйыл КМШ органдарында Кыргызстан төрагалык кылууда.Читать далее
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолукту. Тараптар “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилешти. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Президентинин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алдында эки тарапты […]Читать далее