Жалал-Абад шаарында өткөн “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” Кыргызстан-Россия аймактар аралык X мааракелик конференциясынын жыйынтыгында жалпы суммасы 3 миллиард 500 миллион АКШ долларын түзгөнт документтерге жана келишимдерге кол коюлаары күтүлүүдө. Бул тууралуу конференциянын пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 808 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдириди. Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 4,2%га өскөн. Ал белгилегендей, өсүш тейлөө тармагы – дээрлик 52%, өнөр жай – 14%, айыл чарбасынын […]Читать далее
2023-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад шаарында “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кызматташтыгы” 10-кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын пленардык жыйыны өтүүдө. Өз сөзүндө КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан өнөр жай саясаты жөнүндө белгилеп өттү. Бүгүн өлкөнүн өнөр жай борборлорунун бири болгон Жалал-Абад облусунда онунчу мааракелик кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы өтүүдө. Бул жерде Кыргыз […]Читать далее
Ысык-Көл облусундагы карызы бар 3 миңден ашык кардар электр жарыгынан өчүрүлөт. 2023-жылдын 12 октябрында Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы дебитордук карызы бар 3000ден ашык кардарларды дистанциондук түрдө өчүрөт. Электр энергиясына убагында акы төлөө энергетика тармагынын натыйжалуу иштешин камсыз кылат, жабдууларды жаңыртууга жана модернизациялоого, электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперацияларынын жаңы горизонттору” кыргыз-орус аймактар аралык X мааракелик конференциясына катышты. Иш-чаранын башында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин видеокайрылуулары […]Читать далее
Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору карап, үч окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоору боюнча маалыматты коргоо министринин орун […]Читать далее
Кыргызстан чет элдик инвесторлор, жөнөкөй жарандар жана ишкерлер үчүн бейиштин төрүндөй болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Facebook`тагы баракчасына жазды. “Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркидиги мындан да өркүндөйт. Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен «чёрныймын» дегендерди эл […]Читать далее
Жогорку Кеңеште Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо боюнча бир катар эл аралык
Бүгүн, 11-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого алынды. Алардын ичинде: «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө», «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен […]Читать далее
“Бир алкак, бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына арналган “Кыргызстан-Кытай” достук коомунун салтанаттуу жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маанилүү билдирүү жасады, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. Байсалов достук маанайда жана өлкөлөр ортосундагы элдик дипломатияны чыңдоо максатында Кыргызстандын министрлер кабинети Кытай Эл Республикасынын жарандары – Гонконг жана Макао аймактарынын тургундары үчүн визасыз […]Читать далее
Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россия Федерациясынын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын […]Читать далее