Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди.

 

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

 

Расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Связанный пост