МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолукту.

Тараптар “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилешти.

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Президентинин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алдында эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин, анын ичинде энергетика, транспорт, билим берүү жана илим тармактарын талкуулашты.

Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасында 9 биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмунун курулушу – эки өлкөнүн достугунун келечектүү долбоору экенин, ал толук жана ийгиликтүү ишке ашырыла турганын, Кыргыз Республикасынын мектептериндеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин саламын жолдоду.

Ал бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Связанный пост