11-июнда Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев Американын президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуудагы кыска маек учурунда элчи Молдогазиев президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы күн тартибин алдыга жылдыруу, өлкөлөр ортосундагы бекем жана туруктуу достук […]Читать далее
Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө мыйзамсыз берилген жерлер боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдириштию Маалыматка ылайык, 27-майда ИИМге билдирме келип түшкөн. Анда, 2009-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз түрдө берилип кеткендиги айтылган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы […]Читать далее
Бишкек шаарында күч түзүмдөрүнүн балдары үчүн “Ак-кайың” балдар бакчасы салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана өздүк курам, ошондой эле ата-энелер катышты. Аталган бала бакчанын мурдагы имараты 1975-жылы курулгандыктан эскилиги жеткен. Мындан улам мектепке чейинки билим берүү […]Читать далее
Күн мурун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчёту угулду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Отчётту Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов сунуштап, 2024-жылы мекеме бекитилген планга ылайык 88 аудитордук иш-чара жүргүзүп, кеңири масштабдагы көзөмөл ишин ишке ашырган. Бул иш-чаралардын алкагында 1 848 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүм аудиттен […]Читать далее
Жыл башынан бери энергетиктер тарабынан Чүй облусунда 31 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: Аламүдүн районуна – 7 282; Ысык-Ата районуна – 5 136; Чүй районуна – 6 360; Сокулук районуна – 6 907; Москва районуна – 5 315 “акылдуу” эсептегич орнотулду. Белгиленгендей, быйылкы жылга Чүй облусу боюнча жалпы 114 миң акылдуу […]Читать далее
Бишкекте келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктуралык объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында атайын кызмат Бишкекте “Ак-Сай” мейманканасын менчиктештирүү учурунда мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу фактыларын аныктады. КР Президентинин […]Читать далее
Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Сокулук районундагы иш сапарын Алымкул Жакшылыков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясында улантып, 450 орунга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулуш иштери менен таанышты. Алсак, азыр колдонулуп жаткан имараты 750 орунга гана эсептелгени менен учурда мектеп-гимназияда 2400дөн ашуун окуучу билим алат. Натыйжада республикалык бюджеттен 45 млн сомго жакын каражат каралып, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барды. Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы бейтаптардын жашоо шарттары, мекеменин материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, медициналык персонал менен баарлашты. Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор учурда модернизациялоого муктаж экендиги аныкталды: палаталар оорулуулар үчүн тийиштүү деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылбайт, ал эми […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен учурашып, Кытай тарап Кыргыз […]Читать далее
Өлкөнүн бардык аймактарында дарбыз, коон жана жашылча-жемиштерди сатуу үчүн атайын соода аянтчалары ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Соода аянттарын уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда. “Мындай чара ата мекендик дыйкандар менен фермерлерди колдоого багытталган жана массалык түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукцияны сатууда мүмкүн […]Читать далее