Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Кейт Коллинз менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле анда АКШнын миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө жана алардын кыргыз жарандарына мүмкүн болуучу таасирине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында консулдук жана миграциялык чөйрөлөрдө кызматташууну […]Читать далее
Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө 2025-жылы 15-февралда Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери баңгизат колдонгон айдоочуну аныктап, бирок унаа башкаруудан четтетүү жана транспорт каражатын айып токтотуучу жайга коюу боюнча мыйзамда каралган чараларды көрүшкөн эмес. Милиция кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун ордуна укук […]Читать далее
“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кениндеги долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин текшерди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. Анын алкагында “Кыргызалтындын” башчысы кенде алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышып, ири жүк ташуучу унааларга орнотулган, кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн сыноо иштеринин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле кендин борбордук жана Сары-Төр карьерлеринин, алтын […]Читать далее
Мындан ары бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирет. Кырсык болгон учурда: – Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин; – Жаракат алгандарга — 100 000 сомго чейин; – Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган. “Адам өмүрү баарынан кымбат! Күтүүсүз келген кырсыктан кудай […]Читать далее
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү 300гө жакын оорукананы сапаттуу дары-дармектер, медициналык каражаттар менен камсыздоодо. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дары-дармекти сатып алуунун бирдиктүү борборлоштурулган системасы аркылуу Кыргызстандагы 300гө жакын оорукана дары-дармек менен камсыздалууда. “Буга чейин аталган 300 оорукананын ар бири өз-өзүнчө дарыларды сатып алып келишкен. Алар […]Читать далее
Автоунаасын камсыздандырбагандар 1-июлдан тарта мыйзам чегинде айып пул төлөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мыйзам 2016-жылдан бери иштеп келсе да, өлкөдө камсыздандырууга жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келген. “Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО), аты айтып тургандай эле негизинен жоопкерчиликти камсыздандыруу […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында 102 обьект буздурулуп, анын ордуна көп кабаттуу ипотекалык турак-жайлар курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Күн мурун шаар мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү жетекчилер жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте Барпы-Сейил көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Шаар башчысы Барпы-Сейил көчөсүнүн Ж.Бакиев жана Т.Байзаков проспектиси менен кесилишкен аралыгындагы 102 объект буздурулуп, ордуна […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди. Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын мамлекеттик туулары илинди, килем төшөлүп, ардактуу […]Читать далее
Ветеринардык кызмат январь-май айларында тамак-аш коопсуздугун камсыздоо багытында жигердүү иштерди жүргүздү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, белгиленген мөөнөт ичинде республикалык деңгээлде 1 146 ишкердик субъектти текшерүүгө макулдашуу алынган, алардын ичинен 981 субъект текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында 332 көрсөтмө берилип, ветеринардык-санитардык талаптар менен көрсөтмөлөрдүн аткарылбагандыгы үчүн жалпы 761 миң сом […]Читать далее
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма доллар сатуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Милицияга жасалма 50 миң доллар сатуу үчүн сатып алуучуларды издеп жаткан адам тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун […]Читать далее