Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриелла Геллилди анын дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы элчиге кыргыз-герман мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ал иштеген мезгилде эки өлкөнүн ортосунда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы баракчасы ачылганын белгиледи. Президент саламаттыкты сактоо, билим берүү жана соода тармактарында эки тараптуу кызматташтык […]Читать далее
Туристтик мезгил учурунда Ысык-Көл облусунун аймагында жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна экинчи ирет жердам иретинде 52 кызматкер жана 24 кызматтык унаа жөнөтүлдү. “Бул кызматкерлер туристтик мезгил бүткөнгө чейин облустун аймагында эс алуучу жайлардын, пансионаттардын, лагерлердин айланасында жана унаа көп каттаган […]Читать далее
2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук, ведомстволук жана жергиликтүү маанидеги мааракелик иш-чараларынын тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кабыл алынган документ өлкөнүн тарыхый, маданий, илимий жана коомдук турмушунда өзгөчө орду бар инсандарды, окуяларды жана маанилүү даталарды татыктуу белгилөөгө жана эскерүүгө багытталган. Бул иш-чараларды өткөрүү жарандардын тарыхый аң-сезимин жана мекенчил […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек ЖунушалиевбБүгүн Астана шаарында “Борбор Азия – Кытай” экинчи өнөр жай-инвестициялык форумуна катышты. Мэриядан билдиришкендей, форумдун пленардык жыйынынын алкагында мэр Бишкек шаарынын инвестициялык потенциалы тууралуу презентация жасап, жагымдуу инвестициялык климатты жана туруктуу шаардык чөйрөнү түзүү боюнча мэриянын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Мэрдин сөзүндө өзгөчө көңүл мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн келечегине, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле […]Читать далее
Сокулук районунда 400 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, жерлер 2000-жылдардын башында Жаңы-Пахтин айыл өкмөтүнүн администрациясына “системалуу каттоо” учурунда үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилгени аныкталган. Бирок алар документтештирилбей, жергиликтүү тургундарга бөлүштүрүлбөй, юридикалык жактан ээсиз калган. Ошого карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү тургундарга узак мөөнөткө […]Читать далее
19-июндан тарта Бишкек – Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди бейшемби, ал эми 23-июндан баштап дүйшөмбү күндөрү да каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мурда аталган поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген болсо, эми 19-июндан 7-июлга чейин дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 7-июлдан […]Читать далее
Кыргызстанда 19-июндан 20-июнга караган түнү дебитордук карызы көп болгон «Газпром Кыргызстан» абоненттерине жаратылыш газын берүү токтотулат. Компаниядан белгилешкендей, газ кызматтары жарандардан жаратылыш газга болгон карызды төлөөнү өтүнөт. Карыздын суммасын төмөнкүлөр аркылуу билсе болот: жаратылыш газга эсеп-дүмүрчөк; «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси; gazprom.kg сайтынан жеке кабинет; 4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз). Карызды компаниянын филиалдарында төмөнкү […]Читать далее
“Эгерде биз ишканаларыбызды жандандырууга колдоо көрсөтсөк, инвесторлор тартылса, элибиз жапырт аракет кылса, анда Кыргызстан сөзсүз өнүгөт”, – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Кант шаарындагы Кант цемент заводунун жаңы өндүрүш линиясын ишке киргизүү аземинде. Заводду модернизациялоо заманбап технологияларга негизделген, бул өндүрүштүн көлөмүн арттырууга, өндүрүмдөрдүн сапатын жакшыртууга жана алар менен ата мекендик […]Читать далее
Бүгүн Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди санариптештирүү жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан “Айтил” улуттук платформасынын бет ачары өттү. Иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөлөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Иш-чараны мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис […]Читать далее
Өлкөдө айдоочулук күбөлүк алуучуларга медициналык маалымкатты онлайн берген жаңы электрондук мамлекеттик кызмат ишке кирди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, эми Кыргызстандын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат. Муну менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга […]Читать далее