Президент Эл аралык мамилелер

Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан Абдурахман Аль-Маршадды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршадды кабыл алды. Биргелешкен долбоорлор жана мындан аркы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Кыргызстан Фонд менен кызматташуунун бардык багыттарын кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, ар кыл тармактарда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө колдоо […]Читать далее

Министрлер кабинети Эл аралык мамилелер

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Сингапурдан келген инвесторлор менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “UOB Kay Hian” компаниясынын каржы боюнча аткаруучу директору Хок Чай Дин башында турган Сингапур Республикасынан келген инвесторлор менен жолукту. Жолугушууда тараптар брокердик, инвестициялык-банктык кызмат көрсөтүүлөр, жеке капиталды башкаруу, инвестициялык жана каржылык кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү маселелерин талкуулашты. МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров фондулук […]Читать далее

Маданият

Ош шаарында Бабур театры оңдоп түзөөдөн өтүп пайдаланууга берилди

Бүгүн З.Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрксойдун Башкы катчысы Султан Раев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, […]Читать далее

Коом

Улуттук банк ”Тарыхый окуялар” сериясындагы “Тай-туяк” жана “Сомго 30 жыл”

Быйыл кыргыз сомуна 30 жыл болот. Бул багытта Улуттук банк 24-апрелден тарта 30 жылдык мааракеге карата ”Тарыхый окуялар” сериясындагы “Тай-туяк” жана “Сомго 30 жыл” коллекциялык тыйындарын чыгарганынан кабар беришти. 500 сом номиналы менен чыккан “Тай туяк” коллекциялык тыйыны күмүштөн куюлуп, алдыңкы бетинде тай туюктын сүрөтү жана арткы бетинде кыргыз тоолору менен оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Салмагы 500 […]Читать далее

Президент Эл аралык мамилелер

Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчы Дональд Лунун өлкөгө болгон сапары  мындан аркы өз ара аракеттенүү үчүн жакшы белги экенин белгиледи. Министрлер Кабинетинин […]Читать далее

Аймак

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Бүгүн, 24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүдө көрсөтүлгөн кооптуу тилкелер: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 3,6 миң адам ишке орноштурулган. Министрликтен билдиришкендей, эмгек рыногунун оорчулугун жеңилдетүү үчүн иш менен камсыз кылуунун активдүү саясатынын дагы бир артыкчылыктуу багыттарынын бири – бул, муктаж болгон жарандарды аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тарткан учурда акы төлөнүүчү коомдук […]Читать далее

Коом

Ош шаарынан Красноярскка туруктуу авиакаттамдардын көбөйүшү күтүлүүдө

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 22-майынан тартып Ош-Красноярск-Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайрадан жандантууна көздөөдө. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди. Оштон Красноярскка авиакаттамдардын саны көбөймөкчү.  Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу аткарылмакчы. Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жумасына 5 жолу каттап турган. «МЭА» ААК […]Читать далее

Аймак

Нарында 500 түп алма жана 100 түп өрүктүн көчөттөрү отургузулду

Нарын шаарындагы М. Жусаев жана Алма Бак парктарында алманын жана өрүктүн көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчөт отургузуу иш чарасына президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана Ага Хан өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 17нен 24-апрелге чейин, СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алардын ичинен 4 бейтап ооруканага жаткырылган. 2023-жылдын 17-апрелинен 24-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат. […]Читать далее