Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды

 Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 17нен 24-апрелге чейин, СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинен 4 бейтап ооруканага жаткырылган.

2023-жылдын 17-апрелинен 24-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 114 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 22 128 учуру катталды, анын ичинен  20117 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Связанный пост