Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өндүрүш объектилерин

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сокулук районунда муниципалдык жаңы мал базарды куруу долбоору менен таанышты. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 8 гектарды ээлеген мал базарынын ичине санитардык жана ветеринардык өтмөк кирет, малдарды түшүрүү жана жүктөө үчүн эстакада, 700 унаа үчүн унаа токтотуучу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Суу айылында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» жеңил унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун курулушуна капсула салуу салтанатына катышты. Куттуктоо сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы бир тууган эки республиканын биримдигин чыңдоого зор салым кошкон […]Читать далее

Коом

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Яндекс компаниясы менен кызматташууну талкуулады

11 – Май, 2023-жылы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Яндекс компаниясынын өкүлдөрү- стратегиялык долбоорлор департаментинин директору Петр Диденко жана кызматкерлерди тартуу багытынын жетекчиси Наталья Москвитина менен кызматташуу маселелерин талкуулады. Жолугушуунун башкы темасы Россия Федерациясында кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери, министрлик менен Яндекс компаниясынын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүнүн жана узак мөөнөттүү келечекте […]Читать далее

Коом

МБК Мухтар Аблязовду коомчулукту жалган, далилдери жок маалымат менен жаңылтпоого

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «24 kg» маалымат агенттигинин “Мухтар Аблязов Кыргызстандын биринчи адамдарына карата жеке санкцияларды киргизүүгө чакырды” деген аталыштагы макаласы боюнча Мухтар Аблязовдун Россия Федерациясына детонаторлорду реэкспорттоо тууралуу берген маалыматы чындыкка дал келбейт деп билдирет. МБКнын маалымат базасына ылайык аталган детонаторлор Кыргыз Республикасынын тоо-кең иштетүүчү компаниялардын атына өндүрүштүк максаттар үчүн […]Читать далее

Маданият

Ош шаарында Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофорумунун ачылыш аземи өттү 

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинин Башкы имаратында акын Жусуп Турусбековдун кызы, советтик кыргыз режиссёр айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата Кыргызстан айым-режиссёрлорунун V Кинофорумунун ачылыш аземи болуп өттү. Анын алкагында Лила Турусбекова тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Түркиядан, Кореядан жана Казакстандан келген кинематографисттер тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү. Иш-чаранын экинчи күнүндө, 12-майда “Семетей” кинотеатрында Кинофорумдун 14 катышуучусунун тасмалары көргөзүлүп, […]Читать далее

Маданият

“Мен кыргыз жана англис тилдеринде Манас айта алам” шаардык сынагы

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү “Улуу Кыргыз Ордо” коомдук бирикмеси менен биргеликте борбор шаардагы мектеп окуучуларынын арасында  “Мен кыргыз жана англис тилдеринде Манас айтам” шаардык сынагын №11 орто мектептин жыйын жайында өткөрдү. Шаардык сынакта 52 жаш манасчы кыргыз, англис тилдеринде “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтышып, 7 мектептен 50 окуучу кыргыз, англис тилдеринде эпостон сахналаштырылган […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров ШКУнун Башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Чжан Минди кабыл алды. ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары, Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Президент Садыр Жапаров ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна колдоо көрсөтүп, катышкандыгы үчүн ыраазычылык […]Читать далее

Эл аралык мамилелер

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Жолугушууда тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, көзөмөл өткөрүү бекеттеринин ишин оптималдаштыруу, соода-логистикалык борборлорду түзүү жана айыл чарба продукцияларын экспорттоо, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуру сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады. Ошондой эле, […]Читать далее

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Конституция өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн жана мамлекеттик бүтүндүгүнүн негизи

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү. Иш-чара республиканын негизги мыйзамынын кабыл алынуу жана өнүгүү тарыхын көрсөткөн тасма менен башталды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы сөз сүйлөп жатып, кыргызстандыктарды жана Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы бир жолу Кыргыз […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле жакынкы келечекте мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы ТМУнун эл аралык аренадагы күндөн күнгө өсүп жаткан ролун жана Уюмдун Башкы катчысы жооптуу кызматындагы Кубанычбек Өмүралиевдин жүргүзүп жаткан жемиштүү […]Читать далее