Коом

Курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Мындай чечим Түркия Республикасынын аймагында болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн. […]Читать далее

Коом

Талас шаарына 25 миң даана гүл отургузулат 

Жашыл чарба муниципалдык ишканасы жаз алды менен күнөсканаларда 25 миң даана ар кандай гүлдүн көчөттөрүн даярдашкан. Бул гүлдөр шаардагы гул бакчаларга, борбордук сейил паркка отургузулат. 2 күндөн бери жашыл чарбанын жумушчулары тарабынан гүлдөр тигиле баштады. Шаар көркүнө жана жашыл чарба муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгегине шаар жашоочуларын жана конокторду кайдыгер болбой, аяр мамиле кылууга чакырышат.Читать далее

Коом

Ош шаарынын мэри Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананын абалы

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош облустук Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын абалы менен жеринен таанышып чыкты. Таанышуу учурунда шаар башчысы мекеменин бир катар көйгөйлүү маселелери менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде бул маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдирди. Белгилей кетсек, китепканага облустук мекеме статусуна карабастан көбүнчө Ош шаарынын тургундары, студенттер жана демилгелүү жаштар […]Читать далее

Коом

Ошто Алай көчөсүн оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы Масалиев көчөсүндөгү унаа агымын азайтуу максатында, жолду ачуу жана ондоп-түзөө боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жаткан Алай көчөсүнө барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. «Ош шаардык жолдору» муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, долбоор боюнча Алай көчөсүнүн тилкесинде жайгашкан, Масалиев проспектисине кошулган эки көчөнүн жалпы узундугу 740 метр, туурасы – […]Читать далее

Коом

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Бул туралуу «МЭА» ААКнун басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын 18-майынан тартып Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарат. «Баткен» аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинен тартып аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.Читать далее

Коом

“Бакай-Ата” конушундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу 80% бүттү

Үй-бүлөлүк медицина борбору “Бакай-Ата” конушунун Ак-Талаа жана Анар көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бүгүнкү күндө терезелерди жана эшиктерди орнотуу, имараттын профилин  жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Медициналык мекемеде медиктер үчүн амбулотордук, диспетчердик бөлмөлөр жана медикаменттер үчүн кампа, ошондой эле ординатордук бөлмө каралган. Мындан тышкары аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган. Курулуш иштери “Премиум Лидер” ЖЧКсы подряддык уюму […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы 4 айда 73,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-апрель айларында 73 млрд 514,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. 4 айдын жыйынтыгы боюнча жыйымдар 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9 млрд сомго өстү. Анын ичинде 53 млрд 810,1 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, […]Читать далее

Коом

Өзгөн районунда жер титиреди

Сейсмология институнун маалыматына ылайык, 11-май күнү саат 19:48де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жалынды, Красный-Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Мырза-Аке, Ничке-Сай айылдарында 2,5-3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее

Укук тартиби

Жылдык жүгүртүүсү 140 миллион сомдон ашык жашыруун цехтердин мыйзамсыз иштерине

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, ошондой эле өлкөнү азык-түлүк менен камсыз кылуу, сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду. Такталгандай, сүт өндүрүүчүлөр узак убакыт бою фермерлер менен сүт заводдорунун ортосунда ортомчу болушуп, алар элден сүттү арзан баада сатып алып, дыйкандарга сүттү […]Читать далее

Коом

Баткенде нан саткан соодагерлерге милдеттенмелер берилди

Баткен шаарында нан саткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нан жана нан азыктарын техникалык регламенттин талаптарына ылайык санитардык гигиеналык эрежелерди сактоого чакырып, нанды жарандарга сатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга бети кленка менен жабылган атайын нан сатуучу стелаждар көрсөтүлдү. “Мындай рейдди байма-бай уюштуруп турабыз. Көп учурда соодагерлер кайдыгер болуп, эрежелерди сактабай жатат. Санитардык эрежелер сакталбаган учурда, […]Читать далее