Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Яндекс компаниясы менен кызматташууну талкуулады

 Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Яндекс компаниясы менен кызматташууну талкуулады

11 – Май, 2023-жылы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Яндекс компаниясынын өкүлдөрү- стратегиялык долбоорлор департаментинин директору Петр Диденко жана кызматкерлерди тартуу багытынын жетекчиси Наталья Москвитина менен кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун башкы темасы Россия Федерациясында кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу маселелери, министрлик менен Яндекс компаниясынын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүнүн жана узак мөөнөттүү келечекте кеңейтүүнүн практикалык кадамдары болду.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Кыргызстан өзүнүн миграциялык саясатында бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү жана Россия Федерациясынын система түзүүчү ишканаларында КР жарандарын ишке орноштуруу боюнча уюшкан топтоо боюнча ЕАЭБдин документтерин карманууда.

“Министрлик тарабынан “иш менен камсыз кылуу” интерактивдүү веб-порталы иштелип чыккан, ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн “чек арасыз иш” издөөнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы менен интеграцияланган, бул биздин өлкөдөн тышкары Орусияда, Белоруссияда, Казакстанда жана Арменияда мыйзамдуу ишке орношууну издөөгө мүмкүндүк берет. Ушуну менен, Мекеме мекендештерибиздин мыйзамдуу жумушка орношуусун камсыз кылуу үчүн көптөгөн ири иш берүүчүлөр менен түздөн-түз иштешет. Яндекс таксиде кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны көп экенин эске алып, биз кызматташууну бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Анын үстүнө кыргызстандыктар өздөрүн жакшы кызматкерлер катары көрсөтүштү. Биз ММКларда биздин таксисттердин чынчыл жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумунун мисалдарын көп көрөбүз”, – деди министр.

Компаниянын өкүлдөрү ошондой эле Москва шаарындагы жана Россия Федерациясындагы таксопарктарда иштеген мекендештерибиздин ичинен квалификациялуу жана ак ниеттүү айдоочулардын жогорку үлүшүн белгилешти.

Связанный пост