МБК Мухтар Аблязовду коомчулукту жалган, далилдери жок маалымат менен жаңылтпоого чакырат

 МБК Мухтар Аблязовду коомчулукту жалган, далилдери жок маалымат менен жаңылтпоого чакырат

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «24 kg» маалымат агенттигинин “Мухтар Аблязов Кыргызстандын биринчи адамдарына карата жеке санкцияларды киргизүүгө чакырды” деген аталыштагы макаласы боюнча Мухтар Аблязовдун Россия Федерациясына детонаторлорду реэкспорттоо тууралуу берген маалыматы чындыкка дал келбейт деп билдирет. МБКнын маалымат базасына ылайык аталган детонаторлор Кыргыз Республикасынын тоо-кең иштетүүчү компаниялардын атына өндүрүштүк максаттар үчүн ташып киргизилген.

Ошентип, бажы кызматы РФга санкциялардан айланып өтүүгө жардам берип жаткандыгы тууралуу маалымат жалган жана провокациялык болуп саналат.

Бажы кызматы өзүнүн ишмердигинде КР Конституциясын, КР мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, КР катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

ЕАЭБ бажы кодексине ылайык реэкспорт бажы жол-жобосу ЕАЭБдин аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгууну түшүндүрөт жана макалада көрсөтүлгөн товарларга карата колдонууга мүмкүн эмес.

Жогоруда берилгендин негизинде, МБК Мухтар Аблязовду коомчулукту жалган, далилдери жок маалымат менен жаңылтпоого чакырат.

Связанный пост