Ош шаарынын мэри Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепкананын абалы менен таанышты 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош облустук Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Таанышуу учурунда шаар башчысы мекеменин бир катар көйгөйлүү маселелери менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде бул маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, китепканага облустук мекеме статусуна карабастан көбүнчө Ош шаарынын тургундары, студенттер жана демилгелүү жаштар келишет.

Связанный пост