Өзгөн районунда жер титиреди

 Өзгөн районунда жер титиреди

Сейсмология институнун маалыматына ылайык, 11-май күнү саат 19:48де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жалынды, Красный-Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Мырза-Аке, Ничке-Сай айылдарында 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост