Салык кызматы 4 айда 73,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

 Салык кызматы 4 айда 73,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-апрель айларында 73 млрд 514,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

4 айдын жыйынтыгы боюнча жыйымдар 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9 млрд сомго өстү.

Анын ичинде 53 млрд 810,1 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 500,9 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 4 айына салыштырмалуу 5,7 млрд сомго көп чогултулду.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 19 млрд 704,1 млн сомду түзүп, план 704,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 5,2 млрд сомго көп.

Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун негизги инструменттеринин бири – салыктык башкарууну жакшыртуу болду. Экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн компоненттери – контролдук кассалык машина, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура ж.б. да өзүнүн оң натыйжаларын берди.

Связанный пост