Баткенде нан саткан соодагерлерге милдеттенмелер берилди

 Баткенде нан саткан соодагерлерге милдеттенмелер берилди

Баткен шаарында нан саткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нан жана нан азыктарын техникалык регламенттин талаптарына ылайык санитардык гигиеналык эрежелерди сактоого чакырып, нанды жарандарга сатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга бети кленка менен жабылган атайын нан сатуучу стелаждар көрсөтүлдү.

“Мындай рейдди байма-бай уюштуруп турабыз. Көп учурда соодагерлер кайдыгер болуп, эрежелерди сактабай жатат. Санитардык эрежелер сакталбаган учурда, мөөнөтү көрсөтүлүп, санитардык милдеттенмелер берилет. Аткарылбаса Бузуулар кодексинин негизинде 7000 сомдон 23000сомго чейин айып пулдар салынат. Ошондуктан биз соодагерлерге жарандардын ден соолугу үчүн санитардык нормаларды сактоо боюнча байма-бай айтып келебиз”, – дейт санитардык бөлүмдүн башчысы Жаныш Жакыпжан уулу.

Связанный пост