Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш Беларустун ШКУга кошулуусу боюнча меморандумду ратификациялады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2023-жылдын 4-июлунда Нью-Дели шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда карап, кабыл алды.   Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тааныштырды.   Ал белгилегендей, Шанхай […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4%ды түздү

2023-жылдын январь – ноябрында Кыргызстанда ички дүң продуктунун көлөмү (ИДП) 1 трлн 72,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.   Ал Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосуна таянып, ошону менен экономиканын реалдуу өсүш темпи 104,4% ды түзгөнүн белгиледи. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилинде 106,3%га […]Читать далее

Спорт

Айсулуу Тыныбекова UWW версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) чечими менен 2023-жылдын мыкты балбаны аталды. Айсулуу Тыныбекова быйыл 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан. Апрель айында Астанада болгон Азия чемпионатында да алтын алып, кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды өндүрүү жана сактоо боюнча лаборатория табылды

Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды өндүрүү жана сактоо боюнча лаборатория табылды. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, ИИМнин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган Д.К.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдө “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарын сатуу жана […]Читать далее

Коом

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 34 субъектке 4,06 млн

Быйыл 2023-жылы “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрында чыккан №643-т тескемесине ылайык аталган долбоор бекитилген. Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттары аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин […]Читать далее

Коом

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору боюнча 298,3 млн сом бөлүндү

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-тескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген. Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бул долбоорду ишке ашырууга […]Читать далее

Медицина

“Туулгандыгы жана өлүмү тууралуу санарип медициналык күбөлүк”: 238 миңден ашуун

Маалыматтык система бардык төрөлүү жана өлүм боюнча маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого багытталган. Маалыматтык системаларды ишке киргизүү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, ошондой эле мамлекет тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү алууну жөнөкөйлөштүрдү, анткени онлайн маалыматтар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментине жөнөтүлөт.   Система бардык 74 мамлекеттик төрөт үйлөрүндө ийгиликтүү колдонулууда, маалыматтык системаны 6 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Европарламенттин делегациясы менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргызстан – Европа Биримдиги” парламенттер аралык комитетинин теңтөрагасы, депутат Томас Здеховский баштаган Европарламенттин депутаттары менен жолукту.   Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Лейла Лурова менен Гүлшаркан Култаева, Кыргыз Республикасынын Евробиримдиктеги Туруктуу өкүлү Айдид Эркин жана Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы […]Читать далее

Коом

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттар 15,5 млрд сомду түздү

Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндөгү акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болуп саналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсептерине которулат. 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 353 токтомуна ылайык укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кылмыштар жана жоруктар үчүн мамлекетке кайтарылган […]Читать далее

Президент

Өзгөн шаарынын айланасында айланма унаа жолу курулат. Президенттин жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Азыркы учурда Бишкек – Ош автомобиль жолунда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу Өзгөн шаарынын айланасында […]Читать далее